Муз-төр көлү

Википедия дан

Муз-төр көлү - Талас Ала-Тоосунун Түштүк-Чыгыш капталында, Ит-Агар суусунун алабында жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 3010 м бийиктеги тепши сымал төрдүн таманын ээлеп жатат. Узундугу 650 м, эң жазы жери 450 м, аянты 0,195 км2. Көлөмү 1,82 млн м3. Эң терең жери 23 м. Түндүк-батыш тарабындагы морена жалчасы көлдү бөгөп турат. Көлдүн түсү чаңгыл жашыл келип, тунуктугу 1,7 м (орто бөлүгү). Кар жана мөңгү сууларынан толукталат. Жээги тик, таштуу. Түндүк-чыгыш бөлүгүнөн бөгөттү жиреп, суу агып чыгат. Муз-төр көлүнөн 200 м жогору, деңиз деңгээлинен 3315 м бийиктикте дагы бир чакан көл бар. Анын узундугу 288 м, эң жазы жери 160 м. Көлдөн босого аркылуу агып чыккан суу Бийиктиги 60 м келген граниттүү кашаттан агып түшүп, кооз шаркыратманы пайда кылат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]