Муз жана от ыры

Википедия дан
Муз жана от ыры
Нукура аталышы A Song of Ice and Fire
Өлкөсү  АКШ
Тили англис
Сериясы Тактылар оюну (1996)
Падышалардын кагылышы (1998)
Кылычтардын бороону (2000)
Каргалардын салтанаты (2005)
Ажыдаарлар менен бий
Жанры Эпикалык фэнтези[1]

"Муз жана от ыры" (англ. A Song of Ice and Fire, орус. Песнь Льда и Огня) — америкалык роман жазуучу жана сценарист Жорж Рэймонд Ричард Мартиндин эпикалык фэнтези романдарынын сериясы болуп саналат. Ал бул сериянын биринчи тому болгон "Тактылар оюну" китебин 1991-жылы жаза баштап, 1996-жылы басып чыгарган. Башында бул топтомду үчилтик катары пландаган Мартин пландаштырылган жети томдуктун бешин чыгарган. Эң соңку бешинчи тому 2011-жылы жарык көргөн. "Ажыдаарлар менен бий" бөлүмү Мартиндин беш жылын алган. Ал алтынчы роман болгон "Кыш шамалын" дагы эле жазып жатат.

"Муз жана от ыры" ойдон чыгарылган Вестерос жана Эссос континенттеринде орун алат. Ар бир бөлүмдөгү окуя каармандар тууралуу чектелүү маалыматтарды сунуштайт. Биринчи бөлүмдө тогуз жаштагы каармандар өсүп олтуруп, бешинчи бөлүмгө жеткенде 31 жашка чыгып калат. Үч негизги окуя Вестеросту көзөмөлгө алыш үчүн бир нече үй-бүлөлөрдүн ортосундагы династиялык согушта кесилишет. Вестеростун алыскы түндүгүндөгү аймактардагы адаттан тыш күчкө ээ болгон Башкалар тараптан коркунуч көбөйүп, тактан кулатылган хандын кызы Дейенерис Таргариен Темир тактыга жетүүгө аракет кылышы менен окуя өнүгөт.

Мартиндин эргүү алышына "Розалардын согушу" жана франциялык Морис Дрүондун "Каргышка калган хан" тарыхый романы таасир эткен.[2][3] "Муз жана от ыры" аялдарды жана динди, ошондой эле окуяларды чындыкка жакын сүрөттөгөнү үчүн мактоого алынган. Карама-каршы жана жеке көз караштардын жыйындысы окурманды өзүнө тартып, көз караштар персонажынын ийгилигине же жашап кетишине эч качан кепилдик берилбейт. "Муз жана от ырынын" адеп-ахлактык жактан бүдөмүк дүйнөсүндө ишенимдүүлүк, намыс, жыныстык, такыбаалык жана зордук-зомбулук маселелерин көп жолуктурууга болот.

2015-жылдын апрелине карата, дүйнө жүзү боюнча китептин 60 миллиондон ашуун нускасы сатылып [4], ал эми 2017-жылдын январь айына карата 47 тилге которулган. [5][6] Китептин төртүнчү жана бешинчи томдору жарык көрөөрү менен New York Times гезитинин бестселлер тизмесине кирген.[7] Китептин негизинде жарык көргөн эмгектердин арасында новеллалар, киносериалдар, комикс китептер жана бир нече карта, стол жана видео оюндары бар.

Кыскача мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Муз жана от ырындагы" окуялар ойдон чыгарылган бир дүйнөдө орун алат. Андагы мезгилдер көп жылга чейин созулуп, күтүүсүздөн эле аяктап калат. Биринчи романдагы (тарыхын караңыз) окуялардан дээрлик үч кылым мурун Вестеростогу Жети падышалык Таргариен династиясынын алдында Эгон I жана бир туугандары Висения менен Ренис тарабынан бириктирилген. Эгон Таргариен бир гана түштүктөгү Дорн аймагынан тышкары бүтүндөй Вестерос континентинин алгачкы падышасы болуп калат. Роберт Баратеондун жетекчилиги астында козголоң уюштурулуп, акыркы Таргариен падышасы Эрис II тактан кулатылып өлтүрүлөт. Андан соң Роберт Жети падышалыктын падышасы деп жарыяланып, тогуз жылдык жай мезгили аяктайт. "Тактылар оюнунун" башында ушул окуялардан кийин 15 жыл тынч жашоо өтүп кеткен болот.

"Тактылар оюнундагы" негизги окуя Вестеростогу улуу үйлөрдүн ортосундагы Темир тактыны алуу үчүн күрөшүн жана натыйжада падыша Роберттин каза болушун сүрөттөйт. Роберттин ачык эле мураскери, 13 жаштагы Жоффри, дароо апасы Серсей Ланнистердин айла-амалдары аркылуу падыша жарыяланып калат. Качан гана падыша Роберттин "колу" (башкы кеңешчиси) болгон лорд Эддард "Нед" Старк Жоффри менен анын бир туугандары Серсей менен анын эгизи Жэйминин жыныстык катнашынын мөмөлөрү экенин билип калганда Эддард чыккынчылык үчүн айыпталып, өлүм жазасына тартылат. Буга жооп иретинде Роберттин бир туугандары Станнис менен Ренли экөө өз алдынча тактыны колго алуу талаптарын коюшат. Ушул туруксуздук өкүм сүргөн мезгилде Вестеростогу Жети падышалыктын экиси Темир тактыдан көз карандысыз болууга аракет кылышат: Нед Старктын улуу уулу Робб Түндүктүн падышасы аталып, ал эми Бэлон Грейжой болсо өзүнүн аймагы болгон Темир аралдардын эркиндигин кайра калыбына келтирүүнү самайт. "Падышалардын кагылышы" аттуу экинчи китептин ортосунда "Беш падышалыктын согушу" кызуу жүрүп жаткан болот.

Экинчи окуя Вестеростун ырааккы түндүгүндө орун алат. Ал жакта 8000 жылдык муз дубал, же жөн гана "Дубал" деп аталган жер Жети падышалыкты Башкалардан коргоп турган болот. "Дубалдын" Түн көзөмөлүндө касам ичкен бир туугандар аттуу коргоочулары да падышалыкты "Дубалдын" түндүгүндө жашаган адамдар, "Жапайы өсүмдүктөрдүн" же "Эркин элдердин" кол салуусунан коргоп турушат. Түнкү көзөмөл окуясы негизинен Эддард Старктын никесиз уулу Жон Сноудун көз карашы менен баяндалат.[8]Жон өзүнүн абасы Бенжен Старктын жолун улап, "Көзөмөлчүлөргө" жаш кезинде эле кошулуп алып, тез эле зоболосу көтөрүлөт. "Кылычтардын бороону" деп аталган үчүнчү томдо Түнкү көзөмөл окуясы бара-бара Беш падышалыктын согушу менен кесилише баштайт.

Үчүнчү окуя болсо Вестеростогу Жети падышалыктын акыркы Таргариен падышанын кызы Дейенерис Таргариендин жашоосуна жетелейт. Дейенеристин окуясы Вестеростун чыгыш жагында, Тар деңизинин аркы жээгиндеги Эссос континентинде орун алат. Дейенеристин негизги окуясы "Ажыдаарлар менен бийге" чейин өз алдынча обочолонуп өнүгүп турат. Эссосто Дейенерис агасы Висерис Таргариен тарабынан күчтүү аскер башчысына турмушка берилгенден кийин акырындык менен өз алдынча көз карандысыз жана акылдуу башчыга айланат. Үлпөт тоюнда белекке алган үч жумурткадан ачып чыккан ажыдаарлардын жарык дүйнөгө келиши анын бийликке көтөрүлүшүнө өбөлгө түзөт. Үч ажыдаар анын тукумунун бир бөлүгү эле эмес, согуштагы кыйраткыч күчкө айланат.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Тактылар оюну" (1996) — "Локус" сыйлыгын жеңген, "Дүйнөлүк фэнтези" жана "Небула" сыйлыктарына көрсөтүлгөн, 1997.
  • "Падышалардын кагылышы" (1998) — "Локус" сыйлыгын жеңген, "Небула" сыйлыгына көрсөтүлгөн, 1999.
  • "Кылычтардын бороону" (2000) — "Локус" сыйлыгын жеңген, "Хүгө" жана "Небула" сыйлыктарына көрсөтүлгөн, 2001.
  • "Каргалардын салтанаты" (2005) — "Хүго", "Локус" жана "Британия фэнтези" сыйлыктарына көрсөтүлгөн, 2006.
  • "Ажыдаарлар менен бий" (2011) — "Локус" сыйлыгын жеңген, "Хүго" жана "Дүйнөлүк фэнтези" сыйлыктарына көрсөтүлгөн, 2012.

Сериалдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Муз жана От ыры" чыгармасынын автору Жорж Р. Р. Мартин - "Тактылар оюну" телесериалынын аткаруучу продюссери

Сериалдардын популярдуулугу өсүшү менен HBO компаниясы 2007-жылы "Муз жана от ырын" киносериалга ылайыкташтыруу чечимин кабыл алган. Пилоттук эпизодун 2009-жылдын аягында тартып, калган дагы тогуз эпизодун улантып тартуу чечими 2010-жылдын март айында кабыл алынган. "Тактылар оюну" деп аталган киносериалдын бет ачары 2011-жылдын апрель айында болуп, көптөгөн алкоолорго жана бааларга татыган ("Тактылар оюну: Кабыл алынышын" караңыз). Компания эки күндөн кийин "Падышалардын кагылышын" камтуу менен киносериалдын экинчи сезонун тартууга белсенген. Биринчи сезон аяктагандан кийин көп өтпөй эле киносериал "Эмми" сыйлыгынын 13 номинациясы боюнча наамга көрсөтүлүп, "Эң мыкты негизги аталыш дизайны" жана "Драма сериалында экинчи пландагы эң мыкты актер" (Тирион Ланнистердин ролун аткарган Питер Динклэйж) наамдарын утуп кеткен. HBO сериалдын 3-сезону тартыла турганын 2-сезондун бет ачарынан он күн өткөндөн кийин жарыя кылган. Тиешелүү китептин узундугунан улам, 3-сезондо "Кылычтардын бороонунун" биринчи бөлүмү эле камтылган.

3-сезондун бет ачары 2013-жылдын март айында болуп өткөн соң көп өтпөй компания "Тактылар оюну" 4-сезонго уланаарын билдирген. Бул сезон "Кылычтардын бороонунан" калган бөлүмүн жана "Каргалардын салтанаты" менен "Ажыдаарлар менен бийдин" башталышын камтый турганы айтылган. "Тактылар оюнунун" 3-сезону "Эмминин" 15 сыйлыгына көрсөтүлгөн. 2014-жылдын апрелинде 4-сезондун премьерасынан эки күн өткөндөн кийин HBO сериалдын бешинчи жана алтынчы сезондору болоорун айткан. 5-сезондун бет ачары 2015-жылдын 12-апрелинде болуп, бир эле созондо эң көп "Эмми" сыйлыгын алуу менен Гиннесс рекорддор китебине кирген. Анда киносериал "Эң мыкты драма сериал" менен кошо 24 номинациянын 12син илип кеткен. Бул эпизоддор 8 млн көрүүчүнүн назарын буруп, сериалдын өзүндө да рекорд койгон. 6-сезондун премьерасы 2016-жылдын 24-апрелинде болгон. Бул сезондун эпизоддору 68-"Эмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде эң көп номинация боюнча наамга көрсөтүлүп, 23 наамдын 12син, анын ичинде "Эң мыкты драма сериалы" наамын да утуп кеткен.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Flood, Alison George RR Martin: Barbarians at the gate. The Guardian (April 13, 2011). Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 Апрель 2012.
  2. Milne, Ben. Game of Thrones: The cult French novel that inspired George RR Martin, BBC (April 4, 2014). Текшерилген күнү 6 Апрель 2014.
  3. Kamin, Debra The Jewish legacy behind Game of Thrones. The Times of Israel (May 20, 2014). — «They struck gold, however, with their next attempt: a television series based on a French fantasy series which in turn was based on a seven-part set of stories by a French Jewish immigrant. Maurice Druon was born in France in 1918 to Jewish immigrants from Russia and first made a name for himself in the realm of academic journals.»  Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2015.
  4. ‘Game of Thrones’ Writer George R.R. Martin Posts ‘Winds of Winter’ Novel Excerpt. New York Times. Текшерилген күнү 20 Апрель 2015.
  5. 'George RR Martin revolutionised how people think about fantasy' | Books | The Guardian. theguardian.com. Текшерилген күнү 2 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  6. grrm Another Precinct Heard From (16 -январь (үчтүн айы) 2017).
  7. Smith, Dinitia. A Fantasy Realm Too Vile For Hobbits, The New York Times (December 12, 2005). Архивировано из первоисточника 4 Апрель 2012. Текшерилген күнү 21 -январь (үчтүн айы) 2012.
  8. Kain, Erik. 'Game of Thrones' Sails into Darker Waters With 'Ghost of Harrenhal' (April 30, 2012). Текшерилген күнү 2 -май (бугу) 2012.