Тактылар оюну (телесериал)

Википедия дан
Тактылар оюну
Файл:Game of Thrones.jpg
Жанр

фэнтези
драма

Жараткан

Дэвид Бениофф
Д. Б. Уайсс

Ролдордо

Питер Динклэйж
Николай Костер-Валдау
Лина Хиди
Эмилия Кларк
Кит Хариңтон
Эйдан Гиллен
Иэн Глен
Софи Төрнер
Мэйси Уилямс
Алфи Аллен
Айзек Хэмпстед-Райт
Рори Макканн
Жек Глисон
Мишел Фэйрли
Ричард Мэдден
Жейсон Момоа
Шон Бин
Марк Эдди
Гарри Ллойд
Конлет Хилл
Жон Брэдли
Жером Флинн
Чарлз Дэнс
Сибел Кекилли
Жеймс Космо
Жо Демпси
Дин-Чарлз Чэпмен
Том Влашиха
Лиам Канниңем
Кэрис ван Хаутен
Натали Дормер
Стивен Диллэйн
Роуз Лесли
Уна Чаплин
Гвендолин Кристи
Ханна Мүрей
Майкл Макэлхаттон
Кристофер Хивү
Иван Реон
Михил Хөйсман
Натали Эммануэл
Индира Варма
Жонатан Прайс

Композитор

Рамин Жавади

Мамлекет

 АКШ

Түпнуска тили

Англис

Сезондордун саны

8

Сериялардын саны

68

Өндүрүш
Аткаруучу продюсер

Дэвид Бениофф
Д.Б. Уайсс
Кэролин Штраусс
Фрэнк Дулгер
Бернадетт Колфилд
Жорж Р. Р. Мартин

Продюсер

Дэвид Бениофф
Д. Б. Уайсс

Сценарий

Жорж Р. Р. Мартин (роман)
Дэвид Бениофф (адаптация)
Д.Б. Уайсс (адаптация)

Тартылган жерлер

 Канада
 Хорватия
 Исландия
 Мальта
 Марокко
 Испания
 Улуу Британия
 АКШ

Хронометраж

50–69 мүн.

Студия

HBO

Трансляция
Телеканал

HBO

Экрандарда

17-апрель, 2011-ж
азыркы күнгө чейин

Шилтемелер

www.hbo.com/game-of-thrones

IMDb

ID 0944947

"Тактылар оюну" (англ. Game of Thrones, орус. Игра престолов) — Дэвид Бениофф менен Д. Б. Уайс ойлоп тапкан фэнтези, драма жанрындагы америкалык телевизиондук сериал. Сериал Жорж Р. Р. Мартиндин адаптацияланган "Муз жана от ыры" (англ. A Song of Ice and Fire) фантастикалык романдар сериясынын биринчи сериясы. "Тактылар оюну" Улуу Британиянын Белфаст шаарындагы Titanic Studios тасма студиясында, ошондой эле Канада, Хорватия, Исландия, Мальта, Марокко, Испания жана АКШда тартылат. Сериалдын бетачары америкалык HBO каналында 2011-жылдын 17-апрелинде болуп өткөн, ал эми анын алтынчы сезону 2016-жылдын 26-июнунда аяктаган. Сериал 2017-жылдын 16-июлунда жетинчи сезону менен кайрадан экранга чыгып, 2018 же 2019-жылы сегизинчи сезону менен аяктайт.

"Тактылар оюну" - ойдон чыгарылган Вестерос жана Эссос континенттеринде өтөт, бир нече сюжеттик бутактан, анын ичинде башкы үч сюжеттен жана көп сандаган актердук курамдан түзүлгөн. Биринчи башкы сюжетинде Жети падышалыктын Темир тактысы баяндалып, такты үчүн жана андан көз карандысыз болууга күрөшкөн ак сөөк үй-бүлөлөрдүн ортосундагы биримдик жана кагылыштар сүрөттөлөт. Экинчи сюжет, бийликтен ажыраган тукумдун бозгунда жүргөн жана тактыны кайтарууну эңсеген акыркы урпагынын жолу тууралуу болсо, үчүнчү окуяда, падышалыкты Түндүктө жашаган каардуу байыркы калктар менен укмуштуу жандыктардан жана кирип келаткан коркунучтуу кыштан сактоо милдетин өтөгөн чалгынчылардын биримдиги жөнүндө сөз болот.

"Тактылар оюну" HBO каналында көрүүчүлөрүнүн рекорддук санын жыйнап, активдүү эл аралык фанаттарды да тапкан. Сериал жылаңач жана зордукту камтыган сахналары үчүн катуу сынга кабылган. Бирок, ага карабастан мыкты каармандары, тарыхы, көлөмү жана чыгармачылык баалуулуктары үчүн, "Тактылар оюну", сынчылар тарабынан жогору бааланган. 2015 жана 2016-жылы утуп алган "Эң мыкты драмалык сериал" номинациясынан баштап, "Тактылар оюну" жалпысынан 38 Primetime Emmy Award сыйлыгына ээ болду, бул башка прайм-тайм телевизиондук сериалдарга салыштырмалуу абдан көп. Мындан тышкары сериал "Эң мыкты коюлган тасма" үчүн үч жолу (2012-2014) Hugo сыйлыгынына ээ болду, 2011-жылы "Пибоди" сыйлыгын утуп, "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты телевизиондук сериал" номинациясына төрт жолу (2012, 2015-2017) татыктуу болгон. Аткаруучу курамынын мүчөсү Питер Динклэйж, прайм-тайм Эмми сыйлыгынын "Эң көрүнүктүү экинчи пландагы актер" номинациясын эки жолу (2011, 2015) утуп алган, ошондой эле сериалдагы Тирион Ланнистердин ролу үчүн 2012-жылы Алтын глобус сыйлыгынын "Эң мыкты экинчи пландагы актер" номинациясына ээ болду. Ошондой эле Лина Хиди, Эмилия Кларк, Кит Хариңтон, Мэйси Уилямс, Диана Ригг жана Макс фон Сүдов сериалдагы оюну үчүн прайм-тайм Эмми сыйлыгынын номинацияларына татыктуу болушкан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Peter Dinklage
Питер Динклэйж (Тирион Ланнистер) Сан Диегодогу Comic Con фестивалында. 2013-ж.
  • Питер Динклэйж
  • Николай Костер-Валдау
  • Лина Хиди
  • Эмилия Кларк
  • Кит Хариңтон
  • Эйдан Гиллен
  • Иэн Глен
  • Софи Төрнер
  • Мэйси Уилямс
  • Алфи Аллен
  • Айзек Хэмпстед-Райт
  • Рори Макканн
  • Жек Глисон
  • Мишел Фэйрли
  • Ричард Мэдден
  • Жейсон Момоа
  • Шон Бин
  • Марк Эдди
  • Гарри Ллойд
  • Конлет Хилл
  • Жон Брэдли
  • Жером Флинн
  • Чарлз Дэнс
  • Сибел Кекилли
  • Жеймс Космо
  • Жо Демпси
  • Дин-Чарлз Чэпмен
  • Том Влашиха
  • Лиам Канниңем
  • Кэрис ван Хаутен
  • Натали Дормер
  • Стивен Диллэйн
  • Роуз Лесли
  • Уна Чаплин
  • Гвендолин Кристи
  • Ханна Мүрей
  • Майкл Макэлхаттон
  • Кристофер Хивү
  • Иван Реон
  • Михил Хөйсман
  • Натали Эммануэл
  • Индира Варма
  • Жонатан Прайс

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]