Эмилия Кларк

Википедия дан
Эмилия Кларк
англ. Emilia Clarke

Кларк 2019-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Эмилия Изобель Евфимия Роуз Кларк

Туулган датасы:

26 -декабрь 1986(1986-12-26) (37 жаш)

Туулган жери:

Лондон, Англия, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

2009 — азыркы учур

Сыйлыктары:

Poppy Awards (2011)

IMDb:

ID 3592338


Эмилия Изабель Евфимия Роуз Кларк (англ. Emilia Isobel Euphemia Rose Clarke; 23-октябрь 1986, Лондон, Англия, Улуу Британия) – британиялык актриса.

Лондондо туулган жана Беркширде чоңоюп өскөн Кларк актердук искусствого болгон кызыгы бала кезинде, атасы үн режиссеру болгон "Кеме көргөзмөсү" (англ. Show Boat) мюзиклин көргөн соң пайда болгон. Актриса Хидингтондогу Rye St Antony School мектебинде билим алган жана эки пьесада роль аткарган Оксфордтогу St. Edward's орто мектебин аяктаган, кийин актриса Drama Centre London мектебинде окуп, окуусун 2009-жылы аяктап, он ар түрдүү сахналык оюндарда роль аткарган. Кларктын мектепти аяктаган соң, эң алгачкы ролдоруна Company of Angels компаниянын пьсасы, Samaritans соопчулук уюму үчүн аткарган эки ролу жана Лондон университетинин окуучуларынын кыска метраждуу тасмасындагы ролу кирет. Кларк телевидениеде биринчи жолу "Доктурлар" (англ. Doctors) британиялык эзилме операсыныны эпизодунда роль аткарган, ал эми актриса Syfy телеканалынын "Триас дооруну чабуулу" (англ. Triassic Attack, 2010) тасмасындагы ролу үчүн Screen International журналы Кларкты UK Stars of Tomorrow тизмесине киргизген.

2011-жылы Кларк HBO каналынын "Тактылар оюну" (англ. Game of Thrones) телесериалында Дейенерис Таргариендин ролун аткарганы менен киносынчылар тарабынан жогору бааланып популярдуулукка жеткен. Актрисанын номинациялары: прайм-тайм "Эмми" сыйлыгынын "Драмадагы эң көрүнүктүү жардамчы актриса" номинациясы (2013, 2015-2016), АКШ киноактерлор гилдиясынын сыйлыгынын төрт номинациясы (2012, 2014-2016) жана Critics Choice Television Awards сыйлыктын "Драмадагы эң көрүнүктүү жардамчы актриса" номинациясы (2013, 2016) жана башкалар. 2017-жылы Кларк "Тактылар оюну" телесериалынын ар бир эпизоду үчүн эки миллион фунт стерлинг тапканы менен телевидениедеги иш акыны көп ала турган актриса катары табылган.

Кларктын Бродвейде аткарган биринчи ролу 2013-жылдын мартында "Тиффаниде эртенүү" (англ. Breakfast at Tiffany's) пьесасында Холли Голайтлинин ролун аткаруусу болуп саналат. 2015-жылы актриса Esquire журналы боюнча "Эң сүйкүмдүү аял" деп аталган. Актриса роль аткарган башка тасмалары: "Терминатор: Генезис" (англ. Terminator Genisys, 2015) (Сара Коннор) жана "Сени менен жолукканга чейин" (англ. Me Before You, 2016). 2016-жылдын ноябрында актриса "Хан Соло антология тасмасы" (англ. Han Solo anthology film) аталышындагы болочок тасманын башкы актрисанын ролунда табылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]