Муз үстүндөгү салгылашуу

Википедия дан

Муз үстүндөгү салгылашууАлександр Невский башында турган орус аскерлеринин немис рыцарлары менен 1242-жылы 5-апрелде Сиговец аралынан 400 м аралыкта, Чуд көлүндө болгон салгылашуусу. Моңгол чапкынынан тукулжураган орус жерлерине 1240–42-жылы немистик рыцар-кресттүүлөрү, дан жана швед феодалдары кайра-кайра кол сала баштаган. Новгород князы Александр шведдерге капысынан кол салып, шведдердин аскерлерин талкалаган. Александр шведдердин аскер жетекчиси Биргердин бетине кылыч менен тамга баскан. Бул эрдиги үчүн эл ага Невский деген ысым ыйгарган (к. Нева салгылашы, 1240). Бирок Ливон орденинин кресттүүлөрү 1240-жылы Изборск жана Псковду, Копорье монастырын каратып, 1242-жылы Улуу Новгород, Карелия жана Нева боюн басып алмак болгон. Веченин өтүнүчү боюнча Новгородго келген Александр Невский аскер курап, 1241-жылы Тевтон рыцарларын талкалап, Копорье монастыры менен Псковду бошоткон. 1242-жылы немис рыцарлары Новгород жерине кол салган. Александр Невский орус аскерин Чуд көлүнүн түштүк-чыгыш жээгине жайгаштырган. Душмандын аскери орус полкун жиреп кирип, алардын алдыңкы отрядын талкалаган. Невский душманга капталынан, тылдан сокку урган. Орус аскерлери душманды талкалап, жеңишке ээ болгон. 400дөй рыцар өлүп, 50сү туткунга алынган. Калганы качып, жарылган музга чөгүп кеткен. 1243-жылы Новгород менен Тевтон ордени тынчтык келишим түзүп, немистер басып алган орус жерлери кайра кайтарылган. Муз үстүндөгү салгылашуунун тарыхый мааниси чоң, ал кресттүүлөрдүн Чыгышты көздөй багытталган жортуулун токтотуп, орус жерлерин басып алуудан сактап калган. 1725-жылы 21-майда жана 1942-жылы 29-июлда анын урматына аскер жетекчилерин сыйлоо үчүн Александр Невский ордени чыгарылган. 1938-жылы советтик режиссеру С.Эйзенштейн Муз үстүндөгү салгылашуу жөнүндө «Александр Невский» аттуу көркөм фильм тарткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]