Мультивибратор

Википедия дан

Мультивибратор (лат. multum — көп. vibro — термелем) — өз ара оң-тескери байланыштуу эки күчөткүчү бар. үзгүлтүктүү типтеги электр толкунунун релаксация генератору.

«Мультивибратор»терминин голланд физиги ван дер Пол сунуш кылган. Мультивибратор симметриялуу жана симметриялуу эмес болуп бөлүнөт. Симметриялуу Мультивибратор симметриялуу схема боюнча түзүлөт. Электрондук лампада, транзистордо, тиристордо жана интегралдык схемада Мультивибратордун көп варианты белгилүү. Анын эки жана көп фазалуулары бар. Неги­зинен автоматика түзүлүштөрүндө, эсептөө жана өлчөө техникасында ж. б. импульс генератору, жыштык бөлүштүргүч, импульс түзгүч, контактсыз ажыраткыч ж. б. катары кеңири колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.