Мунайды коштогон газдар

Википедия дан

Мунайды коштогон газдармунай менен кошо чыгуучу табигый газ.

Бул газ табигый күйүүчү газдардан курамында этан, пропан, бутан ж.б. каныккан углеводороддордун көбүрөөк болушу менен айырмаланат. Андан тьнпкары суу буусу, кээде азот, көмүр кычкыл газ, күкүрттүү суутек ж.б. болот. Мунай скважинадан чыга баштаганда үстүңкү катмардагы (жеңил) кысылып жаткан газдар мунай менен бирге фонтан болуп атылып чы­гат. Басым төмөндөгөндө мунайдагы эриген (оор) газдар бөлүнөт. Газдын курамы мунайдагы газдын канча өлчөмдө эригендигине жана нефтинин составына байланыштуу.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.