Мункачи Бернат

Википедия дан
Бернат Мункачи.

Мункачи Бернат (венг. Bernát Munkácsi, 12 март, 1860 - Надьварад, Трансильвания (азыркы Орадя, Румыния, Австро-Венгрия) — 21 сентябрь 1937, Будапешт, Венгрия) - венгр (мажар) тилчиси, түрколог, этнографы, адабиятчысы жана фольклористи. Венгер ИАсынын академиги (1910-жылдан тарта).

1882-ж. Австро-Венгриянын Будапешт университетин аяктаган Бернат Мункачи өмүрүн Поволожьядагы жана Батыш Сибирдеги финн-угор жана түрк элдерин (удмурт, ханси, манси, чуваш ж.б.) жана алардын венгрлер (мажарлар) менен этникалык, тилдик жана маданий байланыштарын изилдөөгө арнаган. Изилдөөлөрүн талаа материалдары менен толуктап турган. Алсак, 1885-жылы жергиликтүү элдердии изилдөө максатында Россия импеиясынын Уфа губерниясындагы 6 уездинде илимий жүрүштө болгон. Бернат Мункачи “Ethnographia” журналында редакторлук кызматты аркалаган, андан башка “Келети семле” (“Keleti Szemle”) журналынын негиздөөчсү болгондугу белгилүү. 1904-ж. Венгр комитетине караштуу Орто жана Чыгыш Азия эл аралык коомун түзгөн. 1915-1916 жж. Б.Мункачи Эстергомск лагеринде болуп, ал жерде Биринчи дүйнөлүк согушта орус армиясынан автстро-венгрлерге туткунга түшкөн 25 удмурт солдаттан ар кыл текстерди жазып алган. Бернат Мункачинин изилдөөлөрү - прикладдык (тилге байланыштуу абдан көп тексттердин колдонмо коллекциясы) жана теоретикалык (тарыхтан мисалдар, тилдик салыштыруулар жана Поволжья, Батыш Сибирь калктарынын диалектологиясы) проблемаларга багышталып, күнүбүздө да өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Б. Мункачи кыргыз этнонимин чечмелөөгө аракет кылган. Алсак, B.Munkasciнин ою боюнча “кыргыз” этноними “кырогуз” сөзүнөн келип чыгат деген пикирин айткан. Мункачинин негизги эмгектерин салыштырма тил илиминде, тюркологияда, иранистика жана этнография тармактарында жүргүзгөн. Алардын айрымдары башка финно-угоротаануучулар тарабынан анын өлүмүнөн кийин жарык көргөн.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Votják nyelvmutatványok. Ugor füzetek 5., Budapest, 1884.
  2. Votják népköltészeti hagyományok., Budapest, 1887.
  3. A votják nyelv szótára., Budapest, 1890–1896.
  4. Vogul népköltési gyűjtemény. köt I-IV., Budapest, 1892, 1892, 1893, 1896. (A jegyzeteket tartalmazó 2. kötetek megjelenési évei: 1902, 1910, 1952, 1963 &ndash ; az utóbbi kettőt Kálmán Béla rendezte sajtó alá; a II. részhez egy 3. kötet is megjelent 1921-ben.)
  5. A vogul nyelvjárások szóragozásukban ismertetve., Budapest, 1894.
  6. Déli osztják szójegyzék. (Pápai Károly gyűjtése alapján). Ugor füzetek 12., Budapest, 1896.
  7. Árja és kaukázusi elemek a finn–magyar nyelvekben I., Budapest, 1901.
  8. Volksbräuche und Volksdichtung der Wotjaken., MSFOu 102. Herausgeben von D. R. Fuchs, Helsinki, 1952.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015