Мурдабашы аска бетиндеги сүрөттөрү

Википедия дан

МУРДАШБАШЫ АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨРҮ – коло дооруна жана орто кылымга таандык археологиялык эстелик. Алай кырка тоосунда, Үчдөбө айылынан 20 км түндүктө жайгашкан. Анда дөңгөлөктөр, тоо эчкилер, күн түспөлдөш белгилер, төөлөр жана колдорун жогору көтөрүп, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү тартылган. Аска бетиндеги сүрөттөрдөн эрте көчмөндөрдүн көркөм искусствосуна мүнөздүү илбирс сыяктуу чоң жырткычтын сөлөкөтү көркөм чеберчиликте белгиленген. Кыргыз тарыхчылар жамааты менен Түрк тарых курумунун биргелешкен археологиялык экспедициясы тарабынан 2000-жылы изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.