Мурзабеков, Бейшебай Ташкенович

Википедия дан

Мурзабеков Бейшебай Ташкенович - 1946-жылы 6-декабрда Нарын шаарында туулган. Орто мектептин 8-классын бүткөндөн кийин 1962-жылы борборубуздагы курулуш техникумуна кирип элди газ менен камсыз кылуу бөлүмүн бүткөн. Эмгек жолун Балыкчы шаарында ширетүүчүлүк кесип менен баштап, эки жыл аралыгында Ысык-Көл областын газ менен камсыз кылуу боюнча эксплуатация башкармалыгынын төрагасы болду. Андан соң аскерге чакырылып, мекен алдында кызмат өтөп келгенден кийин окуусун сырттан улантып, Нарын шаарындагы "Нарын-газ" башкармалыгынын башчысы, шаардык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, 1978-жылы "Ысык-Көлгаз" башкармалыгынын башчысы кызматына которулат. 1981-жылы "Кыргызгаз" республикалык бирикмесинде башкы инженери, 1985-жылы генералдык директору болуп иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын өнөр-жай жана экономиканы өнүктүрүү министрлигинде министрдин орун басары кызматын аркалады. Кыргызстандагы газ менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча автордук патенттин ээси, бир нече грамоталар, акчалай сыйлыктар, "Жигули" автомашинасы менен сыйланган. Артында анын атын сактап, тилегин улаган балдары бар. "АТА" деген сыймыктын, ыйык жандын атын булгабай, балдарына, неберелерине айтып, анын улуулугун даңктап келет өмүрлүк жары Зейне Мамбетовна.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.