Мурсаш сериясы

Википедия дан

Мурсаш сериясы - Ортоңку Тянь- Шандагы байыркы тоо тек катмарлары.

Сары-Жаздан Чоң-Кара-Тоо кыркаларына чейинки аймакта кеңири таралган. 1967-ж. геолог К. Сагындков геология серия катары бөлүп, Талас Ала-Тоосундагы Мурсаш өрөөнүнүн аты менен атаган. Мурсаш сериясынын асты жайсаңтөр, ортосу корумтөр, үстү кураматор аттуу геологиялык свиталардан турат. Мурсаш сериясы палеоэкватордук шартта (рифей, венд) пайда болгон. Орто калыңдыгы 500 м. Астыңкы жанa үстүңкү свиталарда чөкмө жанa жанар тоо, ортосунда чөкмө тектер жайгаш­кан. Мурсаш сериясынан темир, марганец, алю­миний ж. б. рудаларды издөөгө бо­лот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.