Мазмунга өтүү

Мусулманкул

Википедия — ачык энциклопедия

Мусулманкул (1794–1852) — Кокон хандыгындагы кыргыз жана кыпчактардын таасирдүү төбөлү, хандыкта аталык кызматын аркалаган. Ал анжияндык кыпчактардан чыккан. Мусулманкул кетментөбөлүк кыргыздардын жээни жана ошол эле учурда күйөө баласы болгондуктан, кыргыз төбөлдөрүнүн бир тобу аны жактаган.

1843-жылы Мусулманкул менен Шады датканын ордодогу кутумунун натыйжасында Нүзүп бий өлтүрүлүп, Шераалы хандын бийлигин Мусулманкул иш жүзүндө өз колуна алган. Алайлык кыргыз төбөлдөрү анын таасирин төмөндөтүү максатында Шераалыны өлтүрүп, такка Алим хандын уулу Шах-Мурадды отургузушкан. Бирок жети же он бир күндөн кийин Мусулманкул Шах-Мурадды кулатып, Шераалынын Жаркынайымдан төрөлгөн тун уулу 14 жаштагы Кудаярды хан көтөргөн. Бул окуя 1845-жылы болгон. Мусулманкул өзүн аталык деп жарыялап, мамлекеттеги бийликти толук колуна топтогон.

1844–1853-жылдары Мусулманкул баштаган кыргыз-кыпчак төбөлдөрүнүн бийлик талашуу аракеттеринен улам Түндүк Кыргызстанда Кокон бийлигин чыңдоо жана орус баскынчылыгына каршы туруу маселелери экинчи орунга түшүп калган. Мындай жагдай Россиянын Кыргызстанды каратуусуна шарт түзгөн. Мусулманкулдун бийлигине каршы алайлык Алымбек датка баштаган кыргыздар гана эмес, Ташкенттин кушбеги Нармамбет кыпчак да оппозицияда турган. 1850–1851-жылдары Нармамбет ташкендик казак, таластык жана чүйлүк кыргыздардын бий-манаптарын колго алуу менен таасирин күчөтүп, Мусулманкулга ачык каршы чыккан. Аны ордодо да бир катар өзбек, кыргыз жана кыпчак феодалдары колдогон.

Мусулманкулдун күчтөрү менен анын каршылаштарынын чечүүчү салгылашуусу 1852-жылы күздө Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгышындагы Былкыллама деген жерде (Анжиян менен Балыкчынын аралыгында) болгон. Бул салгылашууда эки тараптан бир нече миң адам каза болуп, ал Кокон тарыхындагы ири кандуу кагылышуулардан бири катары белгилүү. Оор салгылашуунун жыйынтыгында Кудаяр хан баштаган күчтөр кыпчактарды жеңип, Мусулманкулга нааразы болгон кыпчак феодалдары аны ханга кармап беришкен. Кудаяр хан Мусулманкулду дарга астырып, Кокондо жана бүтүндөй Фергана өрөөнүндө кыпчактарды кыргынга учуратууга буйрук берген. Изилдөөлөргө ылайык, 1851–1852-жылдары Фергана өрөөнүндө 20 миңден ашуун кыпчак кырылган.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.