Мухтар Махмуд

Википедия дан

Мухтар Махмуд (10. 5. 1891, Махалла-эль-Кубра шаарынын жанындагы Тунбара айылы — 27. 3. 1934, Каир) — египет скульптору.

20-кылымдагы улуттук скульптура мектебин негиздөөчү. Каир сүрөт интунда (1908-жылдан), Париж асем өнөр мектебинде окутан (1910-жылдар), Родендии чыг-лары­нан таасир алган. Улуттук кайра жаралуу пафосуна каныккан монументтүү чыгалмалардын («Египеттин ойгонушу», Каир, гранит, 1919—28), о. эле египет дыйкандарынын поэтикага толгон, символикалык образдарынын станковый серияларынын («Дыйкан аялы», мрамор, 1928; «Хам­син», аки таш, 1929) автору. Мухтар Махмуд байыркы жанa азыркы Египет искусствосунун мурастык байланышын айкалыштырууга умтулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.