Мыйзам чыгаруу Юаны
| Мыйзам чыгаруу Юаны | |
| кыт. 立法院 | |
| | |
| Азыркы чакырылыш | |
|---|---|
| Түрү |
бир палаталуу парламент |
| Жетекчилик | |
| Түзүмү | |
| Шайлоо | |
| www.ly.gov.tw | |
Мыйзам чыгаруу Юаны (кыт. 立法院) — жарым-жартылай таанылган Кытай Республикасынын (Тайвань) бир палаталуу мыйзам чыгаруу органы[1].
Бул Кытай Республикасынын Конституциясында каралган беш бийликтин бири. Кээде «парламент» деп аталган мыйзам чыгаруучу Юань негизинен бийликтин бир бутагы болуп саналат[2].
Курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2005-жылы кабыл алынган конституциялык түзөтүүлөргө ылайык, 2008-жылдагы парламенттик шайлоодон баштап Мыйзам чыгаруу Юанынын түзүмүнө, регламентине өзгөрүүлөр киргизилген.
Мыйзам чыгаруу Юанынын мурун 225 мүчөсү болгон, азыркы учурда 113 мүчөсү бар. Депутаттар аралаш система боюнча шайланышат:
- 73 бир мандаттуу округдарда мажоритардык шайлоо системасы боюнча шайланат.
- 34 пропорционалдык шайлоо системасы боюнча 5% ашык добуштарга ээ болуу менен шайланат.
- 6 орун Тайвань аралыныны жергиликтүү калкы үчүн бекитилген
Ыйгарым укуктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Башка өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдары сыяктуу эле Мыйзам чыгаруу Юанынын укутары жана милдеттери конституцияда корсөтүлгөн, адар төмөнкүдөй[3]:
- Мыйзамдарды кабыл алуу жана президент тарабынан чыгарылган бюджетти, келишимдерди жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө токтомдорду бекитүү.
- Жарлыктарын карап чыгуу.
- Өкмөткө же айрым министрге багытталган алар жүргүзүп жаткан ички же тышкы саясат боюнча, болбосо кандайдыр бир конкреттүү маселе жаатында түшүнүк берүү тууралуу талабы.
- Аткаруу Юанына каршы ишеним көрсөтпөө талабын коюуу.
- Президентти же вице-президентти кызматынан бошотуу жана президентке же вице-президентке импичмент жарылоо.
- Конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү, референдум жарылоо.
Галерея
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мыйзам чыгаруу Юанынын жыйындар залы
- Мыйзам чыгаруу Юанынын имараты
- Хань Гоюй — Мыйзам чыгаруу Юанынын төрагасы