Мыйзам чыгаруу жыйын
Мыйзам чыгаруу жыйын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палатасы – Конституциялык түзөтүүлөр жөнүндө 1994-жыды 22-октябрындагы референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-статьясынын талап-тарына негизделип, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө конституциялык кеңешме түзүлүп, сунуштарды иштеп чыккан.
Анда Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй эки палатадан турат: туруктуу иштөөчү жана республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайлануучу 35 депутаттын составындагы Мыйзам чыгаруу жыйын; сессиялык жол менен иштөөчү жана аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайлануучу 70 депутаттын составын-дагы Эл өкүлдөр жыйыны (54-статья). 58-статьяда көрсөтүлгөндөй Мыйзам чыгаруу жыйындын бийлик-укугуна төмөнкүлөр кирет: мыйзамдарды кабыл алуу; өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу; мыйзамдарга официалдуу түшүнүк берүү; эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо; аскер наамдарын, дипломаттык, даражаларды, класстык чиндерди башка атайын наамдарды белгилөө; мунапыс жарыялоо; шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо; контролдук-эсептөө палатасынын төрагасын, орун басарын жана анын аудиторлорунун составынын жарымын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу; Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу ж. б. 63-статьяга ылайык, Мыйзам чыгаруу жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан таркатылышы мүмкүн. 1995-жылы 5-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык кеңешменин иштеп чыккан сунуштарына ылайык жүргүзүлгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9