Мырзакматов Айбек Сапарбекович

Википедия дан

Мырзакматов Айбек Сапарбекович (12. 7. 1958-ж. туулган, Нарын шаары) - коомдук ишмер, жетекчи кызматкер, агартуучу.

  • Кыргыз Мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөн (1990; сырттан окуган).
  • Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы антибиотиктер заводунда аппаратчик болуп баштайт.
  • 1979-81-жьшдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
  • 1981-82-жылдары кайрадан ошол эле заводдо иштейт.
  • 1983-жылдан 2003-жылга чейин Кожомкул кыштагындагы С.
  • Мырзакматов атындагы орто мектепте география мугалими болуп эмгектенген.
  • 2003-жылдан «Айыл Банк» Ачык акционердик коомунун Суусамыр өрөөнүндөгү өкүлү (кредит боюнча адис), Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (2000).
  • 2004-жылдан Суусамыр айылдык жана Жайыл райондук кеңештеринин депутаты болуп шайланган 2009-жылдын июнунан Суусамыр айыл округунун башчысы болуп иштеп келет.
  • Чал уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9