Мышык сымалдар

Википедия дан
Жолборс Panthera tigris altaica.

Мышык сымалдар (лат. Felidae) – сүт эмүүчүлөрдүн жырткычтар түркүмүндөгү тукуму. Башы тегерек, тулку сымбаттуу, булчуңдуу; буттары күчтүү, тырмагы чоң, курч, куйругу узун. Түрдүү чоңдукта. Жүнү кыска, жыш; терисинде кара тактары же тилкелери болот; талаа жана чөлдөгүлөрү сары же кум түстүү. М. с-дын угуу жана көрүү органдары жакшы өөрчүгөн, жыт сезүүсү начар. Бутунун учу менен басат, алдынкы буту 5, арткысы 4 манжалуу. Кылкыйма жана азуу тиштери жакшы өөрчүгөн. Жер бетинде 4 урууга кирген 36 түрү, КМШ өлкөлөрүндө 11, Кыргызстанда 5 (илбирс, сүлөөсүн, жапайы мышык жана башкалар) түрү бар. Жапайылары бардык материкте, көбүнчө тропикте көп түрлөрү таралган. Сүт эмүүчүлөр, куштар, жерде-сууда жашоочулар, балык жана башкалар. жаныбарларды жейт. Азыгын аңдып жатып кармайт. Жылына, көбүнчө 2–4тү тууйт. Мышык сымалдарды терисин алуу үчүн кармашат. Мал чарбачылыгына зыян келтирет. ТКЭСтин Кызыл китебине 14 түрү, 11 түрчөсү киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]