Мэри Шелли
Мэри Шелли Уолстонкрафт (англ. Mary Wollstonecraft Shelley; туулгандагы аты Годвин; 1797-жыл 30-август — 1851-жыл 1-февраль) — англиялык роман жазуучу, аңгеме жазуучу, драматург, дилбаянчы, өмүр баян жана саякат жазуучу, өзүнүн готикалык "Франкенштейн: же азыркы Прометей" (анг. Frankenstein: or, The Modern Prometheus, 1818) романы менен белгилүү болгон. Ошондой эле, ал жолдошу, романтизм доорундагы акын жана философ Перси Биши Шеллинин эмгектерин редакциялап алдыга жылдырган. Анын атасы Уилям Годвин саясый ойчул, ал эми апасы Мэри Уолстонкрафт философ жана феминист болгон.
Мэри дүйнөгө келгенден кийин бир ай өтпөй эле Уолстонкрафт каза тапкан. Мэрини Годвин багып өстүргөн. Годвин кызына бай билим алуусун камсыздап бере алган жана өзүнүн либералдуу саясий теорияларын карманууга үндөгөн. Мэри төрт жашка чыкканда, атасы кошунасына үйлөнүп, өгөй энеси менен Мэри жакшы тил табыша албай калышкан.
1814-жылы Мэри атасынын саясий жолдоочуларынын бири, эбак эле үйлөнгөн Перси Биши Шелли менен мамиле түзүп сүйлөшө баштаган. Мэринин өгөй эжеси Клэр Клэрмонт Мэри жана Шелли менен чогуу Францияга кетип калышып, Европаны саякаттап жүрүшкөн. Англияга кайтып келгенде, Мэри Персиден боюнда бүтүп калат. Кийинки эки жыл ичинде Мэри Перси экөө элден чыгып калышып, туруктуу карыздан башы чыкпай, ара төрөлгөн кызынын өлүмүнө дуушар болушкан. Перси Шеллинин биринчи аялы Харриет өзүнүн жанын кыйгандан кийин алар 1816-жылдын аягында баш кошушкан.
1816-жылы жубайлар жай мезгилин Швейцариянын Женева жергесинде лорд Байрон, Жон Уилям Полидори жана Клэр Клэрмонт менен биргеликте эң жакшы деңгээлде өткөрүшүп, ошол жерде Мэриде "Франкенштейн" романы үчүн идея жаралган. Шеллилер 1818-жылы Британиядан Италияга кетишип, ал жерде алардын экинчи жана үчүнчү балдары чарчап калышкан. Андан соң Мэри Шелли акыркы жана тирүү калган жалгыз баласы Перси Флоренс Шеллини жарык дүйнөгө алып келген. 1822-жылы күйөөсү жел кеме менен Виарежого жакын жерде бороондо чөгүп өлгөн. Бир жылдан кийин Мэри Шелли Англияга кайтып кетип, ошондон кийин өзүн уулун тарбиялап чоңойтууга жана кесипкөй жазуучу катары карьерасына арнаган. Өмүрүнүн акыркы он жылында ал оорудан башы чыкпай, балким, мээ өсмөсүнөн улам пайда болгон илдет болушу ыктымал, бул оору 53 жашында анын өмүрүнө чекит койгон.
1970-жылга чейин Мэри Шелли негизинен күйөөсүнүн эмгектерин жана өзүнүн "Франкенштейн" романын чыгарыш үчүн жасаган күч-аракеттери менен белгилүү болгон. Бул эмгеги көп окулуп, көптөгөн театралдык жана тасма ылайыкташтырууларга эргүү берген. Окумуштуулардын жакын арадагы изилдөөлөрү Мэри Шеллинин ийгиликтери тууралуу ар тараптуу көз караштарды сунуш кылган. Изилдөөчүлөр анын адабияттагы салымына кызыгуу менен көңүл бурушкан. Өзгөчө тарыхый романы "Валперга" (анг. Valperga, 1823), "Перкин Уорбек"(анг. Perkin Warbeck, 1830), кыямат романы "Акыркы киши" (анг. The Last Man, 1826), акыркы эки романы "Лодор" (анг. Lodore, 1835) менен "Фолкнерге" (анг. Falkner, 1837) кызыгуу көп болгон. Анын "Германиядагы жана Италиядагы саякат" (анг. Rambles in Germany and Italy, 1844) жана Дионис Ларднердин "Энциклопедия текчесине" (анг. Cabinet Cyclopaedia, 1829–46) жазган макалалары сыяктуу анча белгилүү эмес чыгармалары Мэри Шеллинин өмүрүнүн акырына чейин карманган саясий радикал көз карашын колдойт. Мэри Шеллинин эмгектери үй-бүлөдө, өзгөчө, аялдар тарабынан аткарылган кызматташтык жана тилектештик — бул жарандык коомду реформалоонун жолдорунун бири деп белгилейт. Бул көз караш Перси Шелли тарабынан сунушталган романтизмдеги индивидуалисттик этос менен атасы Уилям Годвин тарабынан иштелип чыккан Агартуу доорундагы саясий теорияларды түздөн-түз бутага алган.