Мёссбауэр эффектиси

Википедия дан

Мёссбауэр эффектиси - атом ядросунун ү-кванг энергияны резонанстык жутушу; бул кубулуш ү-нурун чыгаруучу булак жанa жутуучу чөйро катуу зат болун, ал эми ү-нурунун энергиясы аз (150 кэв) болгондо байкалат.

Мёссбауэр эффектиси ядролук гамма-резонанс деп да аталат. Затты ү-квант менен нурлантканда, анда кадимки өз ара аракеттенүү процесстери менен бирге ядролор ү-квантты резонанстуу жутат да, ү-квант жоюлуп, ядро дүүлүгөт, б. а. ички энергиясы көбөйөт.

Резонанстык жутулуштун зарыл шарты төмөнкүчө: ядрону дүүлүктүрүүгө сарпталган квант энергия квант отүштүн энергиясына, б. а. ядронун дүүлүккон жанa негизги абалдарындагы ички энергиянын айырмасына так барабар болууга тиги Р. Мёссбауэр катуу нерселердин ядролору аз энергиялуу өтүштө «тебүүгө» энергия сарптабай эле ү- квантты бөлүп чыгарышы жанa жуту­шу мүмкүн экенин аныктаган.

Бул кубулуш катуу нерселердин атомдорунун коллективдүү кыймылынаи пайда болот. Катуу нерсенин атомдору өз ара күчтүү аракеттенишкендиктен, тебүү энергиясы айрым ядрого берплбестен, кристалл торчонун термелүү энергиясына айланат. Бул эмгеги үчүн Мёссбауэрге Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1961). Мёссбауэр эффектиси металлдарда, жарым өткөргүчтөрдө кошунду атомдордун электрон абалдарын изилдөөдө жанa кристаллдардан,1 кошунду атомдордун термелүү өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө ж. б. пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.