Мүдүрүм өрөөнү

Википедия дан

Мүдүрүм өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо. Аксай өрөөнүнүн чыгышында, Атбашы р-нун аймагында жайгашкан.

Түндүгүнөн Көбүргөнтү ж-а Жаңыжер тоолору, түштүгүнөн Какшаал кырка тоосу, чыгышынан Чоң Үзөңгүкууштун терең капчыгайы (Жүрөк) м-н чектешет. Уз. 80 км, туурасы 18 км. Өрөөндүн таманы 3800 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолор өрөөндүн таманынан 1000—1300 м көтөрүңкү. Тоо капталдары өрөөнгө жантайыңкы түшүп, кокту-колоттуу, этектери адырлуу. Өрөөн ичи түзөң, морена чөкмөлөрү неогендин ж-а палеогендин кызыл түстүү чөкмөлөрүнүн үстүндө жатат. Какшаал ж. б. курчаган тоолордон түшкөн мөңгүлөр чет-жакаларында жапыз мореналарды пайда кылат. Өрөөндүн бүт аймагына түбөлүк тоң мүнөздүү (калыңдыгы 100 мге чейин). Саздуу жерлер, майда тайыз көлдөр бар. Өрөөн аркылуу Мүдүрүм суусу ж-а анын куймалары агат. Климаты кескин континенттик, өтө суук. Январдын орт. темпрасы –28°С, июлдуку 8°С; жылдык орт. жаан-чачыны 250–300 ммден ашпайт. Өрөөнгө жарым-чөл, кургак талаалуу субальп (3600 м бийиктикке чейин), шалбаа-талаалуу альп (3900 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2