Мазмунга өтүү

Мүнхен

Википедия — ачык энциклопедия
Борбор шаар Германия
Мүнхен
Желек Герб
Желек Герб
Бавария облусуГермания
ОблусБавария
Координаттар48°08′ с. ш. 11°34′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшүМүнхен метрополитан шаары
МэрДитер Рейтер
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1158-жыл
Климатынын түрүЖер Ортолук деңиз климаты
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Расмий тилиНемис тили
Калкы1,488,202 адам
Улуттук курамынемистер 82%
Диний курамыКатоликтер 44%, протестанттар 20%, башка 36%
ЭтнохоронимМүнхендиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+49 089
Почта индекстери80331–81929
Автоунаа кодуM
Сайтыhttp://www.muenchen.de
Мүнхен (Германия)

Мүнхен (н. München) — Германиядагы шаар, Бавария жеринин административдик борбору.

Альп тоосунун этегинде, Изар дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2011; шаар айланасы менен Чоң Мүнхендин калкы 2,6 млндон ашык). Европалык маанидеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн өнөр жай, финансы, илимий жана маданий борборлорунун бири. Электр-техника, радиоэлектроника, жалпы жана транспорттук машина куруу, кагаз, полиграфия, тигүү жана текстиль, химия, тамак-аш– татымал (анын ичинен пиво кайнатуу өнүккөн) өнөр жайы ишканалары иштейт. Банк иштери жана соода борбору. ИА жана асем искусство академиясы, университет, музейлер (анын ичинен Бавария улуттук, этногр. жана башкалар), глиптотека (айкелдер топтому), эски жана жаңы пинакотека, театрлар бар.

Мүнхенге 8-кылымдан эл отурукташа баштаган. 1158-жылдан шаар. 13-кылымдан герцог резиденциясы. 1918-жылы чейин Бавариянын борбору болгон. Соңку готика стилиндеги Фрауэнкирхе чиркөөсү (15-кылым), Кудай эне собору (15-кылым), Эски ратуша (15-кылым), барокко стилиндеги Нимфенбург ак сарайы (17–18-кылым) сакталган. 1972-жылы Мүнхенде ХХ олимпия оюндары өткөн. Жыл сайын ярмаркалар жана пиво фестивалдары өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий сайт