Мүнөз (психология)

Википедия дан

Мүнөз (грек тилинен χαρακτηρ — айырмалоочу, өзгөчөлөөчү, белги) — кишинин жүрүш-турушун, кыймыл-аракетин мүнөздөгөн жеке психикалык касиеттеринин жыйындысы. Мүнөз ар бир кишинин өзгөчө кыял-жоругу, кайталангыс жеке сапаты болуп эсептелет. Мүнөздө кишинин кайраттуулугу, эмоциялык өзгөчөлүктөрү, тышкы чөйрөнүн таасирин сезүү темпераменти жана акыл өзгөчөлүгү байкалат. Мүнөз жеке кишиге таандык туруктуу касиет, бирок аны тарбиялоо менен өзгөртүүгө болот. Мүнөз кишинин жүрүш-турушун, кылык-жоругун, табиятка, коомго жана өзүнө кылган мамилесин көрсөтөт. Мүнөздүн калыптанышында социалдык шарт, үй-бүлөдөгү, мектептеги таалим-тарбия, айланадагылардын жүрүш-турушу өтө маанилүү. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн мүнөзүн калыптандырууда алардын жакшы кыялдарын чыңдоого, терс кыялдардан четтетүүгө аракеттенүү зарыл.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8