Нагима Айтматова

Википедия дан
Нагима Айтматова жолдошу Төрөкул Айтматов менен
Нагима Айтматова жолдошу Төрөкул Айтматов менен

Нагыйма Хамза кызы Айтматова (тат. Нәгыймә Хәмзә кызы Айтматова;7.12.1904-жылы 7-декабрь, Каракол, Орус империясы – 1971-жыл 10-август, Фрунзе шаары, Кыргыз ССРи) – Советтик Кыргызстандын коомдук ишмери, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун апасы.

Балалыгы[оңдоо | булагын оңдоо]

Нагима Айтматова 1904-жылы 7-декабрда Пржевальск шаарында (азыркы Каракол) Хамза жана Газиза Абдувалиевдердин көп балалуу үй-бүлөсүндө туулган.

Казанда төрөлгөн Хамза Абдувалиев 1880-жылдардын этегинде Караколдо отурукташып калган. Ал 2-гильдиядагы көпөс болгон, соода ишин ийгиликтүү жүргүзүп, кайрымдуулук иштери менен таанылган. Жуттан (кар калың жаагандан жана тоюттун тартыштыгынан мал кырылган) катуу жапа чеккен жергиликтүү кыргыздарга жардам көрсөтүү чакырыгы менен жергиликтүү гезитке жазган кайрылуусу сакталып калган. Ал медресени бүтүргөн, араб жазуусун тааныган, орус тилин жакшы билген адам болчу. Хамза Абдувалиев балдарына билим берип, окуганды, жазганды, орусча сүйлөгөндү үйрөтүп, өз мезгилинин маданияттуу, алдыңкы адамдары болушу үчүн колунан келгендин баарын жасаган.

“Апам атасынын үйүндө өткөн бактылуу балалыгын көп эскерээр эле. Алар эки кабаттуу, кооз бакчасы, гүлзары бар үйдө жашашчу. Майрам сайын үй-бүлөсү менен Орозо айт, Курман айт, Нооруз майрамдарын кандай белгилегендерин, аларга коноктор көп келип, байга да, кедейге да мол дасторкон жайылганын эстечү. Майрамдарда балдар сөзсүз жаңы кийимдерин кийип чыкканы салтка айланган. <...> Агасы Сабир мамилечил, сүйкүмдүү, шайыр жигит эле. Европада билим алып, Батыштын маданияты жана адабияты менен жакындан тааныш болгон. Жаштар аны ээрчип эле жүрүшчү. Сабир башкалар сыяктуу эле революциялык идеялар менен жашачу. Ал достору менен Пушкинди, Лермонтовду, Тукайды окуп, татар жазуучуларынын чыгармалары боюнча өз демилгелери менен спектаклдерди коюшчу. Нагима ал спектаклдерде көбүнчө чакан ролдорду ойночу. <...> Совет бийлигинин келиши менен Абдувалиев, апамдын айтымында, кырдаалга туура баа берген. Психологиялык жактан аны революциячыл көз караштагы тун уулу Сабир коомдук түзүлүштөгү өзгөрүүлөргө даярдап койгон эле, ошондуктан анын бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү муниципалитетке өтүп, улутташтырылат дегенге даяр болчу. Ошол күн да келди. Үйлөрү, дүкөндөрү, бакчалары, баржасы, кышкы-жайкы унаалары, ошондой эле өмүр бою чогулткан акчасы – мунун баары большевиктердин ээлигине өткөн. Мунун ордуна Хамза сүйүктүү бакчасынын жанынан эки бөлмөлүү кичинекей үй алган. Ошол үйдө аялы менен жашай баштаган. Балдардын баары чоңоюп, өз алдынча болуп, туш тарапка кетишкен. Ал эми Хамза өзүнүн жакшы көргөн иши – багбанчылык менен алектенчү. Жыл сайын түшүмүн мамлекетке тапшырып турчу”[1]

Окуусу жана эмгек жолу[оңдоо | булагын оңдоо]

1925-жылы Нагима мектептин экинчи баскычын бүтүргөн. Медициналык техникумга өткүсү келет, бирок аны “байдын кызы” деп албай коюшат. Анткен менен өлкө сабаттуу жана максатка умтулган жаш кадрларга суусап турган. Ал кезде орусча да, кыргызча да так сүйлөгөн, машинкада терген кыздарга суроо-талап күчтүү болчу. Нагима стенографисттердин курсуна тапшырат. Бирок “ата-теги” деген графага “дыйкандын кызы”, ал эми “ата-энесинин кесиби” деген графага “багбанчылык” деп көрсөткөн.

Төрөкул Айтматов менен жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

1926-жылы Нагима Абдувалиеваны Пишпектеги (азыркы Бишкек) комсомолдук курстарга жиберишкен. Ал кезде Төрөкул Айтматов[1] Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын — ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүнүн жетекчиси болчу. 1926-жылдын май айында Төрөкул Айтматов ВКП(б)нын Каракол-Нарын округдук комитетинин катчысы болуп дайындалган. Ошентип Караколдо тагдырды чечкен жолугушуу болду. 1926-жылдын 3-сентябрында Нагима менен Төрөкул баш кошкон. Турмушка чыккандан кийин 1926-жылы Нагима Хамзаева адегенде Жалал-Абадда комсомолдун райкомунун катчысы, андан кийин кантондук аткаруу комитетинин катчысы болуп иштеген. Ал Жалал-Абад кантондук комитетинин катчысы болуп иштеген күйөөсүн колдоп гана тим болбостон, өлкөнүн түштүгүндө кыздардын жана аялдардын сабатсыздыгын жоюуга жигердүү катышкан. 1929-жылы ноябрда Төрөкул Айтматов Кыргыз АССРдин өнөр жай жана соода эл комиссары болуп дайындалып, 1931-жылдын апрелинде Эл чарбасынын республикалык советинин төрагасы болот. Нагима Айтматова жолдошу менен Фрунзе шаарына көчүп келишкен. 1935-жылы Төрөкул Айтматовду келечектүү кадр катары Москвага – Кызыл профессура институтуна угуучу катары окууга жиберишет. Бул жаркын келечек жана эң жогорку окуу эле. Нагима Айтматова балдарын алып, жолдошунун артынан Москвага барат.

Чыңгыз Айтматов мындай деп эскерген: “Москвада биз ал жактагы шарттарга тез эле көнүп кеткенбиз, мен да ошол жакта биринчи-экинчи класста окугам... Эсимде, атам менин окуудагы ийгиликтериме абдан кызыгып, үй тапшырмаларын жасаганда жардам берип турчу”[2].

1937-жылдын сентябрь айында Нагима Айтматова балдары менен Кыргызстанга, күйөөсүнүн кичи мекени Таласка кайтууга мажбур болгон.

“Эл душманынын” аялы[оңдоо | булагын оңдоо]

Төрөкул Айтматовго 1937-жылы 15-сентябрда республиканын коммунисттик партиясынын саясий бюросу “эл душманы” деген жалаа жабат да, окуусу жана партиялуулугу каралат.

1937-жылы 1-декабрда жазыксыз камакка алынып, ага “куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуазиялык-улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кыргызстанда бети ачылып, жок кылынган контрреволюциячыл-улутчул “Социал-Туран” партиясынын көрүнүктүү ишмери” деген күнөө коюлган.

Чыңгыз Айтматов “Саманчынын жолу” повестинде мындай эпиграф колдонот:

“Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын. Апа, төртөөбүздү тең чоңойттуңуз, сизге, Нагима Айтматовага арнаймын”.

“1937-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине шайлоо өтүп жаткан. Нагима шайлоого барайын деди, антпесе “душмандын” аялы Совет мамлекетинин саясатын тоотпой, алтургай колдобой жатат деп күнөөлөшмөк. Ошол күндөрү шайлоо өтө шаан-шөкөт менен өтүп, музыка, концерттик номерлер менен, таңкыс буюмдарды сатып, элди добуш берүүгө чакырышкан. Ошондуктан шайлоо участокторунда ар дайым эл көп болгон. Нагиманы көпчүлүктүн арасынан ат үстүндө кооз камчысын ойноткон колхоздун башкармасы көрүп калат. Анан камчысын ага кезеп:

– Бул “контрдын” аялы эмне кылып жүрөт бул жерде? Сен Совет бийлигине каршысың да!, - деп кыйкырат.

Нагима башкарманын жанына жакын келип, үнүн мүмкүн болушунча аныкындай катуу чыгарып:

– Мен СССРдин жаранымын жана Конституция боюнча добуш бергенге укугум бар!, - дейт [3]

“НКВДнын архивдеринде Нагиманын 1939-жылы октябрда Эл комиссары, жолдош Берияга жазган каты сакталып калган. Анда Нагима адегенде Төрөкул Айтматов менен 12 жыл бирге жашап, элине, өлкөсүнө, кызмат кылган ишине чын дилинен берилгендигин так биле тургандыгын белгилейт. Ал Нагима Айтматова күйөөсү эл душманы эмес экенин далилдей аларын, ошондуктан анын ишин кайра кароону өтүнөт: “...Кыргыз ССРинин НКВДсынан алган маалыматым боюнча жолдошум 1938-жылы ноябрда 10 жылга кат алышуу укугунан ажыратылып, Ыраакы Чыгышка сүргүнгө айдалган экен. Мындан башка жолдошум тууралуу эч кандай маалымат ала албай жүрөм, анын тагдыры мага такыр белгисиз, тирүүбү же өлүүбү – муну билбейм. Акыркы мезгилде эл душманы деп айыпталгандардын көбү күнөөсүз болуп чыккандыктан, мен сизге кайрылууну чечтим, жолдошумдун ишин кайра карап чыгууңузду өтүнөм. 1939-жыл, 24-октябрь”. Бул катка Нагима Айтматова мындай жооп алат: “1939-жылдын 22-ноябрында Кыргыз ССР НКВДсынын Киров райондук бөлүмүнүн начальнигине... Жаран Айтматова Нагимага... жолдошу туура соттолгондугун жана кат алышуу укугунан ажыратылып, алыскы лагерлерге жиберилгенин билдиргиле. Кыргыз ССР НКВДсынын 1-атайын бөлүмүнүн начальниги, мамлекеттик коопсуздуктун лейтенанты Сааков”.

Жолдошу камакка алынгандан кийин Нагима Айтматова көпкө чейин жумуш таба албай жүргөн. Ага республиканын Даярдоо министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлү, улуту немис Отто Зюдерман жардам берген. Ал эсепчи болуп эле жумушка орношпостон, баракта эки бөлмөлүү үйгө ээ болуп, ага балдары менен көчүп келген. Согуш башталганда жашоо оорлошту. Бирок согуш бүтөөрү менен Нагима улуу балдарынан мектепте окуусун улантууну талап кылган. Ал кезде педагогикалык кадрлардын деңгээли боюнча Талас облусундагы Покровка мектеби эн күчтүү деп эсептелчү. Ошондуктан, Чыңгыз менен Илгиз коңшу айылга эмес, “жердин түбүнө” — райондун борбору Покровкага барып-келип окушкан.

Төрөкул менен Нагима Айтматовдордун балдары:[оңдоо | булагын оңдоо]

1.     Чыңгыз (1928-2008) – дүйнөгө таанымал жазуучу, коомдук ишмер;

2.     Илгиз[2] (1931) – окумуштуу, академик, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты;

3.     Люция (1934-1997) – инженер-энергетик;

4.     Рево (1934. 15-декабрь – 1935) – Люциянын эгизи, наристе кезинде чарчап калган, эки атты бириктиргенде Рево+люция келип чыгат;

5.     Розетта (Роза)[3] (1937) – физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор.

Акыркы сапарга узатуу, эскерүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Нагима Айтматова 1971-жылы 10-августта каза болгон. Акыркы сапарга Киев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн узатылды. Короого боз үйлөр тигилип, мыкты акындар маркумга кошок айтышты. Нагима Айтматова менен коштошууга өтө көп адамдар келишти.

“Акыркы сапарга узатуу күнү Киев көчөсүнүн боюндагы үйдөн Ала-Арча мемориалдык көрүстөнүнө чейинки бардык көчөлөр тосулуп, милиция кызматкерлери курчоого алышкан. Үйүбүзгө келип көңүл айтууга үлгүрбөй калгандар жолдун жээгинде туруп, Нагиманы акыркы сапарга узатышты. Көбү акырын жылып бараткан машинеге басып келип, парапетке гүлчамбарларын, гүлдөрүн коюп жатышты. Буга чейин мындайды көргөн эмесмин. Адамдарды чакырып, уюштура тургандай расмий иш-чара, митинг-реквием болгон жок. Нагима Айтматованы акыркы сапарга узатууга карапайым эл, мекендештерибиз келишти. Албетте, бул анын уулу Чыңгыздын күйөрмандарынын чын жүрөктөн жасаган колдоосу болду. Мен болсо апабыз оор, бирок татыктуу өмүр сүрүп, өзү да коомубуздун сый-урматына татыктуу болгон деп ойлойм”.

·        1992-жылдын 4-февралында Жалал-Абад шаарынын эл депутаттар советинин аткаруу комитетинин чечими менен борбордук шаардык аллеяга Нагима Айтматованын ысымы ыйгарылган.

·        2004-жылы Каракол шаарында Нагима Айтматованын 100 жылдыгына карата көчөгө анын ысымы ыйгарылган.

·        2007-жылы К.А.Бектурганованын “Кыргыз жеринин кыздары” китеби жарык көргөн. Китептин биринчи бөлүмү Эне – Нагима Айтматова жөнүндөгү аңгеме менен башталат.

·        2015-жылдын январында Нагима Айтматованын 110 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. “Туган тел” татар-башкир маданий борбору жана “Эне” кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган салтанат Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында өткөн.

·        2015-жылдын май айында Казан шаарында Ф.Байрамованын Нагима Айтматовага арналган “Ана” (“Эне”) аттуу даректүү китеби жарык көргөн.

Нагима Айтматова туралуу чыгармалар[оңдоо | булагын оңдоо]


  • Айтматова Р. Белые страницы истории: (Мои воспоминания). – Б.: ОсОО «V.R.S. Company», 2013. – 268 с.ISBN 978-9967-27-080-0
  • Бектурганова Кульбюбю Арыковна. Дочери земли кыргызской. — Б.: «Бийиктик», 2007. — 336 с. ISBN 978-9967-13-319-8

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Төрөкулунун бейитин таппай... Нагима Айтматова тууралуу 15 факты//https://sputnik.kg/20181117/nagima-ajtmatova-tuuraluu-15-fakty-1042035171.html

Жүрөккө ок жеп, жашыруун көмүлгөн. Төрөкул Айтматов тууралуу 17 факты//https://sputnik.kg/20181110/torokul-aytmatov-tuuraluu-17-fakt-1041937790.html

  1. Айтматов, Төрөкул
  2. Айтматов, Ильгиз Төрөкулович
  3. Роза Айтматова http://www.literatura.kg/persons/?aid=504