Назаров Болот

Википедия дан

Назаров Болот (5. 1. 1950, Кемин району, Новороссийка (учурда Шабдан) кыштагы -28. 12. 2007, Бишкек) - мамлекеттик жана коомдук ишмер.

  • Үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи.
  • Кесиби боюнча курулушчу.
  • Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн (1971).
  • Эмгек жолун ошол эле жылы «Фрунзе курулуш » бирикмесинин СМУ-1де мастер болуп баштаган.
  • Кийин прораб, улук прораб, № 1 курулуш трестиндеги СМУ-4тө (1982-85) жана № 1 курулуш трестинде башкы инженер (1985-87), Социалдык-маданий жана турак жай ббъектилерин мам лекеттик кабыл алуу боюнча башчынын орун басары (1988-91), Аламүдүн райондук кеңешинин төрагасынын орун басары (1991- 92), Бишкек шаарынын мэринин 1-орун басары (1992-93), Кыргыз Республикасынын курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комитеттин 1-орун басары болгон.
  • 1999-жылдан 2001-жылга чейин Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысы - акими болуп иштеген.
  • Кыргыз Республикасынын курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары (2002-05), Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана архитектура боюнча агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген (2005).
  • Фрунзе шаарындагы Биринчи Май райондук кеңешине 2 жолу депутат болуп шайланган.
  • Бишкекте ЗОдан ашуун курулуш объектилери анын жетекчилиги менен бүткөрүлгөн.
  • Алар: Кривоносов көчөсүндөгү оорукана, Орджоникидзе көчөсүндөгү хирургия корпусу, № 4 төрөт үйү, нан-булочка комбинаты, Турусбеков көчөсүндөгү 48 жана 60 квартиралуу турак-жай.
  • Ал Суусамыр өрөөнүнүн социалдык маданий жана экономикалык абалына түздөнтүз таасирин тийгизип турган.
  • Кызыл-Ой кыштагындагы Көкөмерен дарыясынын дамбасын, Ураңкайдын көпүрөсүнүн жана Тунук орто мектебинин бүтүрүлүшүнө чоң жардам берген.
  • Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылууда да өз үлүшүн кошуп келген.
  • Суусамырда таза суу куруунун жана Кожомкул кыштагындагы орто мектептин курулушуна да чоң колдоо көрсөткөн.
  • Ал 2007-ж. Кыргыз Республикасынын «Ардактуу куруучусу» наамына татыктуу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9