Най

Википедия дан

Най (перс. най - түтүкчө, камыштын сабагы) -

1. Орто жана Жакынкы Чыгыш элдеринде, Борбордук Азияда, Кавказда кеңири тараган аэрофондор түркүмүндөгү музыкалык аспап. Туурасынан кармалып ойнолот. Адатта 6 үн өзгөртүүчү жана 2-3 кошумча көзөнөктөрү бар. Алар аспаптын негизги добуш катарын тактоо жана күүгө келтирүү үчүн пайдаланылат. Жасалган затына жараша Най жыгач най, гаров (бамбук) най, мис (жез) най ж. б. болот.

2. Молдован, румындардын ар түрдүү узундуктагы түтүктөрдөн турган үйлөмө музыкалык аспабы. Ал орустардын кувиклы, грузиндердин соинари сыяктуу аспаптарына түспөлдөш. Добуш катары диатоникалык мүнөздө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.