Нарбеков, Оморбай

Википедия дан
Нарбеков Оморбай

Нарбеков Оморбай [1941-ж. т., Кара-Буура району, Грозный (азыркы Аманбаев) айылы] — терапевт, медицина илимдеринин кандидаты (1970). Коомдук илимдер академиясынын академиги (1992), Эл аралык Ч. Айтматов атындагы коомдук илимдер академиясынын академиги (1994). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995).
1965-ж. КММИнин дарылоо факультетин бүтүргөн.
1967-ж. КММИнин ординатору. 1970—75-ж. факультеттик № 1 терапия кафедрасында ассистент, андан кийин N 2 госпиталдык терапия кафедрасында доцент.
1983-жылдан КММИнин дарылоо иштери боюнча проректору. 1985-жылдан калыбына келтирип дарылоо жана курортология илимий изилдөө институтунун директору.
1991-жылдан Кыргызстан «Бейиш» илимий изилдөө институтунун жана элдик медицина борборунун башкы директору. «Ыйман» элдик медицина ассоциациясынын президенти (1991-жылдан), «Экобиоконверция» ассоциациясынын президенти (1993-жылдан). Анын илимий эмгектери бийик тоо шартында өпкө гипертензиясы жана жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын диагноздоо, дарылоо жана алдын алууга, Кыргызстандын минерал сууларын, дары баткактарын дарылык максатка колдонуунун жолдорун изилдөөгө, ошондой эле элдик медидинанын айрым ыкмаларын изилдеп, иштеп чыгууга жана башкага арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 14 монография, 8 ойлоп чыгаруунун) автору.
Нарбековдун жетекчилиги астында ийне менен дарылоочу кыргыз-кытай илимий изилдөө борбору ачылган (1991). Илимий-популярдуу документ фильмдердин сценарийин («Кыргыз минерал суулары», «Жашоо — бул дем алуу» жана башка) жазган.
Европалык рынокту изилдөө боюнча борбордун (Брюссель ш.) «Евро-рынок-1994» аттуу Ардак диплому жана байгеси менен сыйланган (1994).

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оморбай Нарбеков: “Кыргыз элинин ынтымагы ыдыраган жок”
Оморбай Нарбеков :"Кыргыздар өз менталитетинен, нукуралыгынан адашып калгандыгын түшүндү" Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
ДАРЫГЕР ОМОРБАЙ НАРБЕКОВ КУШ ТУМООСУН АЙЫКТЫРУУНУН ЖОЛУН ТАПТЫ

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.