Нассар Фуад
Нассар Фуад (7. 12. 1916-ж. т., Палестина, Назарет) — Иордания жумушчу жана улуттук-бошт. кыймылынын ишмери.
1946—48-ж. Улуттук- бошт. лигасынын — Палестина арабдарынын коммунисттик уюмунун [[[1943]]-ж. түзүлгөн; 1951-жылдан Иордания коммунисттик партиясы (ИКП)] БК мүчөсү, 1948-жылдан Ген. секретары. 1951-жылдан ИКП БКнын биринчи секретары. Ошол эле жылы камалып, 1952-ж. 10 жылга сүргүнгө айдалган. 1956-ж. элдин талабы боюнча бошотулганы менен эмиграцияга кетүүгө аргасыз болгон.
Иорданияга 1967-ж. келген. Н. араб чыгышындагы улуттук-бошт. кыймыл маселелери боюнча макалалар жазып, марксизм-ленинизм негиздөөчүлөрүнүн эмгектерин араб тилине которгон.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.