Насыр Байтурсунов

Википедия дан
Байтурсунов Насыр

Байтурсунов Насыр (1915, Жумгал району, Көкөмерен айылы — 11.5. 1995, ошол эле жер) - Даңк орденинин толук кавалери.

Улуу Ата Мекендик согушка чейин мектепте мугалим болуп иштеген. Аскердик наамы сержант, замбиректин командири болгон. 1943-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылган. Брянскиде, 1- жана 2-Белорус фронтторунда салгылашкан. Днепр, Прут, Березина, Висла, Одер, Шпрее дарыяларын кечип отуп эрдиктерди жасаган. Польша жеринде, Силезияда, Берлин үчүн салгылашкан.

Прут жана Березина дарыяларын кечип өтүүдөгү эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк ордени менен (27.7.1944), Висла дарыясындагы душмандын коргонуусун бузуп өтүүдө 7 пулемёт точкасын кыйратып полкко жол ачканы үчүн 2-даражадагы (14.4.1945) жана Швенов кыштагын бошотуудагы баатырдыгы үчүн 1-даражадагы (31.5.1945) Даңк ордендерине татыктуу болгон. Байтурсунов Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.