Натрий нитрити

Википедия дан

Натрий нитрити, NaNO2 – саргыч же ак түстөгү кристалл, тыгызд. 2,17 г/см3, балкып эрүү t 270оС. 320оС жогору ысытканда ажырайт, пайда болуу жылуулугу DН0298 = -85,9 ккал/моль. Сууда жакшы эрийт, каныккан эритмеси 128оС кайнайт. Суудагы эритмеси щелочтук реакцияны берет. Н. н. реакцияга катышкан затка жараша окистендиргич жана калыбына келтиргич касиеттерге ээ. Зыяндуу зат, кислоталар таасири менен азот оксиддерине ажырайт. Азот оксидин сиңирип алган щелочтуу эритмелерин буулантуу ыкмасы менен алынат. Аталган эритмени муздатканда Н. н. кристаллга өтүп, пайда болгон Н. н. NaNO3 эритмеде калат. Ар кандай боекторду, иодду алууда, тамак-аш өнөр жайында консервант катары, медицинада колдонулат.

Бул жерде жетиштүү маалымат бар

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]