Национальный, Сокулук району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Национальный, Сокулук району (мурдагы Социализм) – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагына караштуу. Сокулук суу сактагычына жакын жерде, деңиз деңгээлинен 674 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 25 км Түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1927-жылы пайда болгон. Калкы 950 (2012); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]