Национальное
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Национальное
|
Национальное[1], Сокулук району (мурдагы Социализм) – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Биринчи Май айыл аймагына караштуу. Сокулук суу сактагычына жакын жерде, деңиз деңгээлинен 674 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 25 км Түндүк тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1927-жылы пайда болгон. Калкы 950 (2012); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7