Негиздин деформациясы
Негиздин деформациясы - курулмалардын салмагынын басымынан же жер кыртышынын физ. абалынын өзгөрүүсүнөн курулмалардын негиздеринин өзгөрүшү.
Негиздин деформациясы вертикаль (тик) жанa горизонталь болот. Негиздин вертикаль деформациясы өзүнчө басырылма, тез басырылма жанa көтөрүлмө болуп бөлүнөт.
Басырылма деформацияда кыртыш өзүнүн мурунку түзүлүш абалын сактай алат. Деформация акырындык менен басаңдап, негпздин туруктуу абалга жетиши деформациянын токтошу деп аталат. Тез басырылма деформацияа кыртыштын түнүлүшү күчтүү өзгөрүп, абдан ныкталат. Бул түрдөгү деформация негизди түзгөн кыртыштын касиеттери өзгөрөр замат башталып, абдан тез өтөт. Ошондуктан мындай кыртыштарга курулмаларды, имараттарды тургузуудан мурда алдын ала жасалма жол менен негизди тез басырылтуу талап кылынат. Айрым топурактуу кыртыштарда нымдуулуктун өзгөрүшүнө байланыштуу негиздин көтөрүлүү (көбүү) деформациясы да пайда болот.
Негиздин горизонталь деформациясы жер бетине жарыш же кандайдыр бир бурч менен имаратка таасир эткен күчтөрдүн натыйжасында пайда болот. Мындай деформациялар плотиналарда, тосмолордо ж. б. байкалат. Имараттарды курууда бул деформацияларга карты чара көрүлүп, имараттар ошол деформациялардын жог. чегине туруштук бере тургандай эсептелип курулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.