Нейролептик каражаттар

Википедия дан

Нейролептик каражаттар (ней­ро... жана гр. leptos — кармоо), нейролептиктер, нейроплегиктер, чоц транквилизаторлор — нерв системасынын функцияларын басаңдатуучу заттар.

Нейролептик каражаттар — фенотпазин, индол, тноксантен ж. б-дын түрдүү хим. бирикмелерп. Алар ретикул формациясынын мээ жанa мээ кыртышына тийгпзүүчү активдүү таасирин басат.

Бул дарыларды колдонгондо адам тынчып, кыймылдагысы келбей, айланадагы бардык нерсеге кош көңүл болуп, сөөк булчуңдары бошоп, дененин темппературасы, кан басымы бир аз төмөндөйт. Нейролептик каражаттар уктатуучу, ооруну басацдатуучу, наркоздо колдонулуучу дарылардын таасирин күчөтөт. Борб. нерв системасына таасир эткенде сезим бузулбайт, би­рок психика жана эмоциялык абал өзгөрөт.

Бул дарылар психикалык ооруларда, жүрөк ишемиясында, анестезиологияда жанa талгак болгондо кусууну басыш үчүн ж. б-да колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.