Нейтралитет

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Нейтралитет, бейтараптык (эл аралык укукта) – согушка катышпоо, тынчтык мезгилинде согуштук блокторго (союздарга) кирбөө. Нейтралитеттин мааниси – саясий, экономикалык жана башка күрөштөрдө каршылашкан топторго кошулбоо. Эл аралык мамилелердин көз карашы боюнча нейтралитет мамлекеттин өзгөчө эл аралык укуктук статусу болуп саналат. Нейтралитеттин төмөнкүдөй формалары бар: куралданган нейтралитет (согушка толук даяр болуу менен нейтралитетти сактоо); эвентуалдык нейтралитет (конкреттүү согушта нейтралитетти сактоо); позитивдүү нейтралитет (согуштарда союздарга катышпоо); туруктуу нейтралитет (агрессиядан коргонуудан башка учурларда согушка таптакыр катышпоо жөнүндө мамлекеттин милдеттенмеси). Бейтарап мамлекеттин укуктары жана милдеттери (укуктук статусу) эл аралык документтер (1899-жылы жана 1907-жылы Гаага конвенциясы, 1949-жылы Женева конвенциясы жана башка) менен аныкталат. Бейтарап мамлекеттин аймагы, жарандары жана мүлк-байлыгы кол тийбестик укукка ээ, о. эле өзүнүн бейтараптык абалын куралдуу коргоого укуктуу. Бейтарап мамлекетке согушуп жаткан тараптардын тигил же бул жагына жардам, колдоо көрсөтүүгө, өз аймагы аркылуу согуш күчтөрүн өткөрүүгө, согуш объектилерин курууга, согуш отряддарын түзүүгө, согушка алып келүүчү саясатты жүргүзүүгө болбойт. Швейцария (1815-жылдан); Австрия (1955жылдан), Мальта (1981-жылдан) өлкөлөрү бейтарап мамлекеттердин катарына кирет. Курамына 100дөн ашык мамлекеттерди камтыган блокторго кошулбоо кыймылы – позитивдик нейтралитеттин формаларынын бири. Саясий плюрализм, көп партиялуулук шарттарындагы саясий турмушта жанасаясий күрөштө нейтралитет кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]