Нейтрондордун басаңдашы

Википедия дан

Нейтрондордун басаңдашы - заттын атом ядролору менен коп жолу кагылышуудан нейтрондун кинетикалык энергиясынын азайышы.

Ядролук реакция кезинде тез нейтрондор пайда болот. Алар атом ядролоруна урунганда энергиясы азаят. Бир же бир нече жолу кагылышканда ней­трондун энергиясы ядролорду дүүлүктүрүүгө же алардын ажырашына сарпталып, ядрону дүүлүктүрө турган минимум энергиядан да аз болуп калат.

Мындан кийин ядронун нейтронду чачыратуусу серпилгич болот, б. а. нейтрон өз энөргиясын ядронун пчки абалын өзгөртпөстөн ага ылдамдык берүүгө жумшайт. Бир жолку серпилгичтүү кагылышууда ней­трон 2А/(А+1)2 барабар болгон энер- гиянын орт. үлүшүн азайтат, мында А — бута ядросунун массалык саны. Бул үлүш оор ядролор үчүн аз, жеңил ядролор үчүн ото чоц. Ошондуктан оор ядролорго Караганда жеңил ядролордо нейтрондор тез басаңдайт.

Нейтрондордун басаңдашы акырында жылуулук нейтрондорду, б. а. ошол басаңдоо жүрүп жаткан чөйрө менен тең салмакта бол­гон «нейтрон газын» пайда кылат. Бөлмө темпрасында жылуулук ней­трондун орт. энергиясы 0,04 эвге ба­рабар. Басаңдаш процессинде ядролор менен кагылышканда жутулуп же чөйрөдөн сыртка чыгуунун натыйжасында нейтрондордун саны азаят. Нейтронду басацдаткычтарда нейтрон эн, аз азаят да, булактан чыккан ней­трондун көпчүлүгү жылуулук нейтронго айланат. Жакшы басаңдаткыч катары суу, оор суу, бериллий, гра­фит колдонулат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.