Нейтрондук жылдыздар

Википедия дан

Нейтрондук жылдыздар – тыгыздыгы ак карлик жылдыздын тыгыздыгынан да жогору болуп, өлчөмү 10–15 км ди түзүп, бир куб сантиметрдеги затынын салмагы бир миллиард тоннаны түзөт. Мындай эң жогорку тыгыздыкка ээ болгон себеби, Нейтрондук жылдыздар гравитациялык тартылуу күчү өтө чоң болуунун натыйжасында, андагы электрондор атомдун ичиндеги ядрого биригип (жабышып) калуу себебинен жылдыздын заты нейтралдуу абалда болуп, Нейтрондук жылдыздарды түзөт. Мындай жылдыздар өз огунда тез айланып секундасына бир нече айланууларды жасайт. Натыйжада эң жогорку өлчөмдөгү магнит талаасына ээ болуп, Жердин магнит талаасына салыштырганда миллион эсе көптүк кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,