Нескаранын Манастан жеңилгени

Википедия дан

Нескаранын Манастан жеңилгениМанастын алгачкы эрдиктери темасына кирген белгилүү окуялардын бири.

Адашып Жакып жашаган Кең-Аралдын аягы менен өтүп кеткен [[Нескара| Нескаранын ]] колу эки күн жол жүрүп Маңгулдуктардын Жайсаңбай деген байынын жайыттагы он миң жылкысына туш келип, Жакыптын жылкысы деп ойлоп түп көтөрө тийип алат. Улуу черүүгө батына албаган маңгулдуктар аркасынан чапкылап, алыстан туруп жоолаганы ким экенин сурашат. Басанкул бай Жакыптын уулу Манасты издеген кол экенин айтат. Жакып Манасы менен азыр Кулан-Жайлоо, Куу-Тезде, силер келген жакта, алар үчүн бизди азапка салбагыла, жылкыбызды албагыла — дейт, Жайсаңбай. Бул Жакыптын өзү го, бизди алдап жатса керек деп ойлогон Нескара алдап кармап алмак болуп, Басаңкулду жөнөтөт. Жайсаңбайды сөзгө алаксытып жакындап барып, кармамак болуп кууп жөнөгөндө Таноо деген калмак жаа менен атып, Басанкулга колок тийип өлөт. Нескаранын колу жапырт ат койгондо маңгудуктар туруштук бере албай айылынан чыга качып, тоо жамынышат. Баскынчылар айылга кирип, четинен талап, олжого туйтунушту. Эртеси жүз отуз кыз, эки жүз келинди баш кылып, олжологон дүнүйө малды айдап, Нескаранын колу жолуна түшөт. Түн бою келип Манас алты жүздөй адамы менен Ак-Кыянын белесинен Нескаранын колунун астын тосуп калган экен, тигилер жакындап келгенде жазайылды жаткырып, күлдүр мамай мылтыкты күркүрөтө аттырып алдын кайра жапырды. Кол курап жардамга келген Айдаркан уулу Көкчө менен Үйшүн, Үмөт, сегиз миң адамы менен Күнөс балбан аркасынан кууй келген маңгулдар Нескаранын колунун туш тарабынан курчап калышты. Жекеге чыккан Күнөс балбанга каршы калмактардын Даңдан дегени келип, атынан жулуп алып жерге чаап өлтүрөт. Аны көөдөнгө найза сайып Айдаркан жайлап, бирок кытайдын Күдөң балбанына туруштук бере албай, колун көздөй качып жөнөдү. Жекеге намыстанган Манас чыгып, Күдөңдү баш кылып, улам жекеге чыккан бир нече балбанды жайлады. Арданган Нескара жекеге өзү чыгып, Манаска беттеше келгенде алп кара куш үстүндө, ажыдаар астында, кара чаар жолборс капталында кошо качырып келе жаткандай көрүнгөн жаш баатырдын сүрүнө дит багып чыдап тура албай Чабдар атка камчы салып качып жөнөйт. «Кабылан жолго жатарбы, катыларга катылбай кадемим мындай катарбы” — деп арман кылып, колду айлана качкан Нескарага жетип, айдалынын бетине, алтын кемер четине Манас найза салат. Талкаланды белим, аман болгун элим, — деп, колун таштай качкан Нескаранын Чабдар атынын канаты бар экен, булуттуу көктүн асты, буралган чөптүн үстү менен закымдап учуп, Аккулага жеткирбей кутулуп кетет. Жан соогалап багынган Нескаранын колуна эркиндик берип таратып жиберип, Нескара туткундаган адамдарды бошотуп, талоонго кеткен мүлктөрүн ээлерине кайтарып беришти. Үйшүн, Үмөт, Жайсаң баш болгон маңгулдуктар ачсаң алаканыңда, жутсаң жумуруңдабыз, бизди эл кылып алгыла дешип, эл болгондун белгиси катары Күлдүрдүн уулу Чаганбайды Манаска жолдош кылып беришти. Кабарлашып канатташ жашайлы деп убадалашып, жай-жайына тарашты.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында да Сагымбай менен бир мектепке кирген манасчылардын баарында бар. Бирок, көбүндө Байдын окуясы менен байланыштырылбастан өзүнчө айтылат. Кытай баатыры Нескара Манастын кабарын угуп аны жашында жайлаш үчүн алты миң (айрымдарында алты сан) кол менен аттанат. Калган окуялардын сюжеттик өнүгүшү негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына окшош.

Нескара менен согуш эпостун жалпы сюжеттик өнүгүшүндө маанилүү окуялардын бири. Нескара эпостогу эпикалык душман лагеринде Коңурбайдан кийинки Жолой менен катарлаш турган, чыгарманын аягына, атүгүл Семетей бөлүмүнө чейин көптөгөн окуяларга активдүү катышкан көрүнүктүү каарман. Мындай каармандын башкы оң каарман менен чыгарманын сюжеттик өнүгүшүнүн алгачкы учурларынан тартып кезигишип, каршылашышы сюжеттин курулушу үчүн керек адаттагы көрүнүш эле эмес, өтө зарыл талап кылына турган деталдардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4