Мазмунга өтүү

Несторианчылык

Википедия дан

Несторианчылык – 5-кылымда Византияда пайда болгон христиан дининдеги агым.

Кыскача тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Христиандардын несториан диний агымынын негиздөөчүсү - Константинополдун патриархы (428–31) Несторий болуп эсептелет. Анын көз карашы өзү окуган Антиохия (Сирия) диний мектебинин жана окутуучулары Тарсиялык Диодор менен Мопсуэстиялык Феодордун таасиринде калыптанган.

Н. боюнча Кудай менен Адамдын (Христ) же эки жаратылыштын бир бүтүндүгү, башкача айтканда Иисус туулгандан катардагы эле адам болсо, чокунуп жана чырым тактага (крестке) асылып, кайра тирилгенден кийин Жараткандын уулу катары таанылат.

Мындай көз карашты таратканы үчүн Эфес (3-дүйнөлүк) соборунда (431) Несторийге ересь деген күнөө тагылып, соттолгон.

Куугунтуктун күчөшүнө байланыштуу несториандар, анын жактоочулары адегенде Кичи Азия, андан Орто Азиядагы Месопотамия Иранга, Кытайды көздөй ооп, жергиликтүү калкты несторианчылыкка үгүттөшкөн.

Кыргызстандагы несториан жазма мурасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Несториан жазуу эстеликтеринин бир бөлүгү 1907-, 1963-жылдарда Кыргызстанда Жууку суусунун (Ысык-Көл) жээгинен табылган. Чүйдө да жазуулар табылган. 1980-жылдары Бурана жана Бишкектен 9 км Түштүк тараптагы Кара-Жыгач айылына жакын жерден да ушундай жазмада эстелик табылган.

Эстеликтер сирия-несториан жана түрк тилдеринде жазылган.


Түрколог Ч. Жумагуловдун эсеби боюнча Кыргызстанда 700дөй эстелик ачылган.

Несториан жазуу эстеликтерин алгач Орусиянын окумуштуу-сириологдору Д. А. Хвольсон, С. С. Слуцкий, П. К. Коковцов, Н. Н. Пантусов жана башка изилдешкен.

Несториан жазуу эстеликтери Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик Эрмитажда (100дөн ашык), Алматынын Борбордук тарых музейинде (20дан ашык), Кыргызстандын мамлекеттик тарых музейинде, Францияда жана башка жерлерде сакталып турат.

Бул эстеликтердин түрк тилинде жазылгандарынын өткөн доорлордо кыргыз жергесинде жашаган элдердин тилинин тарыхын изилдөөдө мааниси чоң.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф., 1963; Вып. 2. Ф., 1982; Вып. 3. Ф., 1987;
  • Джумагулов Ч. Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971;
  • Жумагулов Ч. Кыргызстандын эпиграфикалык эстеликтери. Ф., 1988;
  • Жумагулов Ч. Кыргызстандын байыркы эстеликтери (жазуулар), мамлекеттик тил (ойлор жана проблемалар). Б., 1998;
  • Джумагулов Ч. Эпиграфические памятники древнего Оша. Б., 1999; Кыргыз терминологиясынын айрым актуалдуу маселелери. Б., 2000;
  • Жумагулов Ч. Кыргызстандагы несториан түрк эстелик жазуулары (XIII-XIV кылымдар).

Интернетке шилтеме

[түзөтүү | булагын түзөтүү]