Нибелунг жөнүндөгү ыр

Википедия дан

Нибелунг жөнүндөгү ыр — не­мец элинин байыркы герман мифтеринин жана жомокторунун негизинде түзүлгөн баатырдык эпосу.

Эпостун жаралышына гунндардын Бургунд падышалыгын талкалашы (437-ж.) жөнүндөгү окуя негиз болгон. Эпос 1200-жылдар чамасында жазылып, 1757-ж. И. Я. Бодлер тарабынан жарыяланган. Эпосто 12—15-кылымдагы феодализм доорунун мамилелери, феод, коом түзүлүшүнөн жаралган катаал үрп-адат, кайгы-муңдуу турмуш, рыцардык па­дыша сарайындагы тпричилик чагылган. Эпос курч мүнөздүү драматизми менен өзгөчөлөнөт . Анын сюжетии Ф. Фуке, Ф. Хеббель, Р. Вагнер, Г. Ибсен өңдүү авторлор пайдаланып, түрдүү жанрдагы чыгармалар жаратышкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.