Нигматулин, Талгат Кадырович

Википедия дан
Файл:Nigmatulin.jpg
Талгат Нигматулин

Талгат Кадырович Нигматулин (1949, Кызыл-Кыя, Кыргызстан – 1985, Вилнюс, Литва) - теги татар кыргыз совет киноактеру. Анын татарча ысымы - Тәлгать Кадыйр улы Нигъмәтулин, Təlğət Qadıyr uğlı Niğmətulin. Айрым анын тегатында жолу “л” тамгасы жаңылы ш жазылып жүрөт (Нигматуллин). Бирок актёрдун мүрзөдөгү эстелигинде бир гана “л” тамгасы жазылган.
Талгат эки жашка чыга электе эле кенчи атасы Кадыр кырсыктан улам каза болгон.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала чак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талгат 1949-жылы 5-мартта Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында туулган. Теги - кыргызстандык татар болгон.
Талгат эки жашка чыга электе эле кенчи атасы Кадыр кырсыктан улам каза болгон.

Энеси мектеп деректири болуп иштегенине карабастан, алар оор жакырчылыкта жашаган. Энеси Талгатты балдар үйүнө тапшырган.
Талгат эки жашка чыга электе эле кенчи атасы Кадыр кырсыктан улам каза болгон.

Талгат оболу орус тилинен кыйналып жүрдү. Ден соолугу начар эле (бала чагында итий оорусунан айыккан). Пионер лагерине барганында бир кыз буту ийри Талгат менен бийлөөдөн баш тартат. Ошондо ал спорт жана бий менен алектене баштайт.
Ал карате боюнча Өзбекстандын чемпиону болгон.
Тырышчаактык кылып, орус тилин да бара-бара мыкты өздөштүрүп кетти.

Кинорежиссер болууну эңсеген Талгат Бүткүлсоюздук Мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) окууга тапшырат, бирок дароо ага өтө албайт. Дароо Маскөөдөгү Цирк жана эстрада өнөрү окуу жайына тапшырат.
Кыргызстандан белгилүү кунфу адиси Эсен Исмаилов менен таанышып, эки жыл анын таалимин алат. Натыйжада карате боюнча Өзбекстандын чемпиону болуп калат. Карате боюнча СССРдин чемпионатында алтынчы орунду ээлейт.

Анын талантын байкаган киночулар аны тасмага чакырышат. 1967-жылы ал “Комиссар тууралуу баллада” филминде ак гвардиячы офицердин ролун аткарган. ВГИКте окуп жүргөндө анын курсташтарынын арасында Наталья Аринбасарова, Николай Ерёменко сыяктуу болочокку жылдыздар да болгон.

Негизги актердук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талгат 1971-жылы ВГИКти аяктап, Ташкенге келет да, “Өзбекфилм” киностудиясында иштей баштайт. Режиссер Али Хамраевдин “Жетинчи ок” тасмасына (1972) жердештери Сүймөнкул Чокморов жана Болот Бейшеналиев менен бирдикте тартылат. 1976-жылы “Сиявуш баяны” тасмасына тартылат.

Ара-чолодо аңгемелер жазат. 1978-жылы СССР Мамкиносунун Сценаристтерди жана режиссерлорду даярдоочу жогорку курсун аяктайт.

Талгат “ХХ кылымдын деңиз каракчылары” аттуу тасмага досу Николай Ерёменко менен бирге тартылат (режиссеру – Борис Дуров), Салехтин ролун аткарат. 1979-жылы көрөрмандарга сунушталган бул тасманы 1990-жылга чейин 120 миллион киши көргөн. Анда совет киносунда алгачкы жолу карате көрсөтүлгөн.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талгат оболу Лариса Кандаловага үйлөнүп, Урсула аттуу кыздуу болот. Бир жылдан кийин Халима Хасановага үйлөнгөн. Аны менен жети жыл жашаган. 1980-жылы октябрда андан Саид аттуу уул көргөн.

Кыргыз режиссеру Мелис Убукеевдин “Элеттеги сүйүү” (“Провинциальный роман”) тасмасына тартылып жүрүп, 33төгү Талгат 19дагы Венера Ибрагимовага ашык болуп калат. Акыры ага үйлөнөт. Венера ага 1983-жылы 14-майда Линда аттуу кызды төрөп берет (айтылуу Брюс Линин жарынын ысымы Линда Маккартни же кытайча Ли болгон).
Венера да карате менен машыгып, спорт чебердигине талапкер болгон.

Өлгөнү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1980-жылдардын башында Талгат “Төртүнчү жол” аттуу жашыруун сектага мүчө болот, аны кыргызстандык Абай Бөрүбаев жана экстрасенс Мырза Кымбатбаев жетектешкен.

Ал түгүл 1981-жылы Талгат “Жаңырык” аттуу он мүнөттүк филм тартып, ага Мырза менен Абайды да катыштырган (Абай - азыркы академик Алтай Бөрүбаевдин бир тууганы).

1985-жылы февралда сектада жиктелүү жараяны башталган. Абай Талгаттын колу менен “жикчилерди” жазаламак болот, бирок Талгат баш тартат. 11-февралга караган түнү Вилнюстагы сүрөтчү Андрюстун батиринде Талгатты сабап киришет, 11-февралда түшкө маал Талгат көркоолордун таягынын айынан набыт болот. Анын сөөгү Ташкенге коюлган. Талгат өлөөр алдында ортодокс христиан динин кабыл алган.
Абай 14 жылга абакка кесилди. Абай абакта жүрүп ооруп, үйгө кайтып өлдү.

Эс тутум[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2001-жылы Талгаттын ысымы Кызыл-Кыя шаарындагы өзү туулуп-өскөн көчөгө ыйгарылды.


Ал тартылган тасмалар тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Элеттеги сүйүү” (“Провинциальный роман”) тасмасы
  • “ХХ кылымдын деңиз каракчылары” аттуу тасма
  • “Жетинчи ок” тасмасы.
  • “Сиявуш баяны” тасмасы


Ал тууралуу китептер жана макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Г. Фролов. «Талгат Нигматулин: Загадочная судьба пирата ХХ века». «Моя семья» N38, 09.2007
  • Л. Словин. «Наваждение». (Повесть в документах)(жеткиликсиз шилтеме). В сборнике «Несколько дней из жизни следователя». Москва. «Юридическая литература». 1987.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]