Нижний Тагил

Википедия дан
Нижний Тагил.

Нижний ТагилРоссиядагы шаар (1917-жылдан). Свердлов облусунда. Тагил дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 374,5 миң (2010). Темир жол түйүнү. Кара металлургия («Нижнетагил металлургия комбинаты», А. К. Серов атындагы металлургия заводу), машина куруу жана металл иштетүү («Уралмаш», «Уралэлектротяжмаш», «Уралхиммаш» жана башка), химиялык, кокс-химиялык (өндүрүш бирикмелери: «Уралхимпласт» жана башка) өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан коло казылып алынат. Университет, китепкана, театр, филармония, музей (анын ичинен край таануу, искусство жана башка), цирк бар. Шаар 1725-жылы негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]