Низами Гянжави
Низами Гянжави (Мухаммад Ильяс ибн Юсуф–Низами Гянжави) фарсча: نظامی گنجوی деген лакап ат менен таанымал болгон перс поэзиясынын классиги Гянжа шаарында болжол менен 1141-жылдарда жарык дүйнөгө келген. Низами өзүнүн чыгармалары менен Исламга чейинки доорду Ислам доору менен жана да Иранды бүткүл байыркы дүйнө менен бириктирген көпүрө түзгөн. Низаминин өмүрү жөнүндө маалымат жокко эсе, болгону анын жашоосу жөнүндө так маалыматтар жазылбаган гана чыгармалары калган. Анын өз аты –Ильяс, атасынын аты Юсуф, чоң атасынын аты Заки болгон. Ал төрөлгөндө эле ага Абу Мухаммад Ильяс ибн Юсуф ибн Заки Муайад деген толук ат ыйгарылган. Кийинчерээк адабий чыгармачыл адам өзүнө лакап ат катары “Низами” деген атты тандап алган. Анын үй-бүлөсү саймачы болушкан бирок чыгармачыл Низами поэтикалык чыгармаларды жаратуу үчүн саймачы болуудан баш тарткан. Анын расмий аты Низами ад-Дин Абу Мухаммад Ильяс ибн Юсуф ибн Заки ибн Муайад болгон. Анын туулган жылы жана күнү тууралуу так маалымат жок. Болгону, Низамини изилдөөчүлөрдүн жана кээ бир азыркы замандын изилдөөчүлөрүнүн маалыматтары боюнча анын төрөлгөн жылы 1140-1146 (535-540)-жылдардын ичинде деп белгилешкен. Ошого карабастан салтка ылайык Низами төрөлгөн жылды 1141-жыл деп табышып, ЮНЕСКО тарабынан расмий түрдө катталган. Акындын туулган жери да көптөгөн талаш тартыштарды жараткан. Кожо Лютф Али Бей “Атешкеде” атту биографиялык чыгармасында (ХVIII кылым) Низаминин “Искендер наме” аттуу чыгармасына таянып анын туулган жерин Ирандагы Кум шаары деген. Орто кылымдагы Низаминин биографтары (ХIII к. Ауфи Садид-ад-дин, ХV к. Доулатшах Самарканди ж. б.) Низаминин туулган жерин Гянжи шаары деп билишет. Академик Э.Бертельс Низаминин эң мыкты жана байыркы чыгармаларында Кум шаары жөнүндө айтылбаганын белгилейт. Азыркы убакта академиялык авторлор тарабынан Низаминин атасы Кум шаарынан болгон,бирок Низами өзү Гянжи шаарында төрөлгөн деген ойду тастыкташат. Низаминин жашоосу 1077-жылдан 1307-жылга чейинки Сельжук империясынын тушунда болгон. Низаминин “Искендер наме” чыгармасындагы айтылган “Тафриш” зороастрий дининин ири борбору болгон жана Борбордук Ирандагы Тегеран шаарынан 222 км. алыстыкта жайгашкан.
Ата энеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Низаминин атасын Юсуф ибн Заки Кум шаарынан Гянжиге көчүп кеткен, ал чиновник болгон деген божомолдор бар. Акындын апасы Раиса Низаминин айтуусу боюнча ирандыктардан чыккан курд болгон,кээ бир божомолдор менен анын атасы Гянжадан атабектерге чейин башкарган Шеддадид династиясынынкурддарына байланышы бар, курд уруусунун башкаруучусу болгон. Низаминин ата-энеси эрте дүйнөдөн кайышкан. Ильястын атасы каза болгондон кийин, аны апасы тарбиялаган, апасынын көзү өткөн соң, ал өзүнүн эң кичүү тайэкеси Кожо Умардын тарбиясына өткөн. Низами эң мыкты тарбия-таалим алган, өз заманынын үлгүсү болгон. Өткөн заманда акындар билимдин бир нече тармактарынокуп-үйрөнүү абзел эле. Бирок, акындарга болгон катуу талаптарга карабай Низами өзүнүн акылмандыгы жана чечндиги менен өзгөчөлөнгөн. Анын поэмалары араб, фарсы тилдерин жана адабиятын гана эмес математика, астрономия, астрология, алхимия, медицина, ботаника, дин, Куранды чечмелөө, ислам укуктарын, христиан жана иудаизмди, рандын мифтерин жана жомокторун, тарых, этика, философия, эзотерика, музыка, көркөм чыгармаларды да жакшы билгендигин тастыктайт. Низамини көбүнчө Хаким (акылман) деп аташканы менен ал Аль-Фараби, Авиценна жана Сухравардилердей болгон философ болгон жана Ибн Арабиили Абдурраззак аль-Кашанидей суфизмдик теорияны чечмелеп түшүндүрүүчү болгон. Аны ислам философиялык ой-толгоолорунун баардык бөлүмдөрүн мыкты билген философ жана гностик катары эсептешкен.
Өмүр жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тилекке каршы Низаминин жашоо турмушу жөнүндө маалыматтар калган эмес, бир гана так маалымат ал хан сарайдын акыны болгон эмес, анткени хан сарайдын акыны болуу менен ал өзүнүн акыйкаттыгын жоготуудан, өз эркиндигинен ажыроодон чочулаган, анткени ал акындык чыгармачылыгындагы эркиндикти каалаган. Низами салтты жолдоо менен өзүнүн чыгармаларын ар кандай династиялардын башкаруучуларына арнаган. Ошондуктан “Лейли жана Мажнун” чыгармасын Ширваншахтарга жана “Жети чүрөк” чыгармасын Ильгиздердин атаандаштарынын бири Марагинин Атабектери (Ахмадилиздер) Ала Ал Динге арнаган. Жогоруда айтылгандай Низами Гянжи шаарында өмүрүн өткөргөн. Ал үч жолу үйлөнүп, анын биринчи сүйүктүү жары Афак, кыпчактардын полов уруусунан чыккан күң болгон. Аны дербенттин башкаруучусу Музаффар ад-Дин 1170-жылдары Низамиге белек кылган. Низами Афакты күңчүлүктөн куткарып ага үйлөнгөн. 1174-жылдар чамасында алар наристелүү болушуп, атын Мухаммад деп коюшкан. 1178-1179-жылдары Низами өзүнүн “Хосров жана Ширин” чыгармасын аяктап калган учурда анын жубайы Афак жарык дүйнө менен кош айтышкан. Низаминин кийинки эки жубайы да жаш кетишкен, өкүнүчтүүсү кийинки эки жубайынын өлүмдөрү да Низами ар бир чыгармасын жазып бүтүп аткан маалга туш болгон.
Чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Низаминин чыгармалары жөнүндө профессор Челковский анын сүйктүү иши Фирдоусинин Шахнамэ (Шахтардын китеби) чыгармасын окуп-изилдөө болгон деп эскерет. Низамини чыгармачылыгына Ирандын Катран Табризи, Санаи, Фахраддин Гургани жана тарыхчы Ат-Табари сыяктуу чыгармачыл даанышмандар да таасирин тийгизген. Фирдоусинин чыгармалары Низами үчүн “Искендер наме” чыгармасын жазууда эргүү болгон жана “Искендер наме” чыгармасында дайым Шахнамэге шилтемелерди жасаган. Ал ар дайым Фирдоусинин чыгармаларына баа берип, суктанып турган, ошонун негизинде өзүнө Фирдоусинин Шахнамэ эпосуна тең келе тургандай баатырдык эпос жаратуу максатын койгон жана өзүнүн “Жети чүрөк”, “Хосров жана Ширин” жана “Искендер намэ” чыгармаларын жазууда негизги булак катары “Шахнамэ” эпосун колдонгон. Низами Фирдоусини “хаким” – даанышман жана искусствонун, чыгармачылыктын чеченидеп атаган. Ал өзүнүн уулуна Шахнамэни сөзсүз түрдө окуп, андагы маанилүү акыл-ойлорду ээсине сактап калууну сунуштаган. Бирок Э. Бертельстин айтуусу боюнча акын өзүнүн чыгармаларын Фирдоусинин чыгармаларынан да бийик деп эсептеп “Акын “таарды – жибекке”, “күмүштү - алтынга” айландыргысы келген”. Низами поэтикалык чыгармаларды жараткан, бирок алар драматикалык жактан айырмаланат. Анын романтикалык поэмаларынын мазмундары психологиялык кыйынчылыктарды баяндоону күчөтүүгө ыкталган. Анын каармандары кыйын кырдаалда өзүлөрүн, башкаларды жана акыйкатты таанып-билүү үчүн тезинен чечим кабыл алуулары керек. Ал чыгармаларында каармандардын психологиялык кубулуштарын жаратып, адамдардынаныгычын сүйүүгө жолуккандагы жан дүйнөсүнүн байлыгын жана кыйынчылыктарын ачат. Ал романтикалык чыгармалардын чебери болгон. Низами фарсы тилинде жазган жана аллегорияларды, үлгү насыят жана көп маанилүү сөздөрдү колдонуу менен фарсы тилин жаңы бийиктике чыгара алган. Ал көптөгөн метафораларды, неологизмдерди киргизип, ар түркүн стилистикалык гиперболаларды, анафора, аллюзияларды, татаал сөздөрдү жана элестерди колдонгон. Низами өзүнүн чыгармачыл стилинде каармандардын жүрүм-турумунда жөнөкөй сөздөрдү колдонбоого дадалат кылган.Дагы бир Низаминин өзгөчөлүгү афоризмдерди (санат сөздөрдү) жаратуу. Мисалга, кээ бир авторлор “эпиграмма стили” деп аташкан “Лейли жана Мажнун”чыгармасын алалы, Низами бул чыгармада идиомаларды көп колдонуп, стилистика жагынан, өзгөчө сүйлөшүүдө жана монологдордо оңой жазылган. Низами өзүнүн стилин “гариб” – “сейрек, жаңы” деп, өзүн “сөздөрдөрдүн сыйкырчысы” жана “сокурлардын күзгүсү” деп атаган. Бүгүнкү күндө Низаминин лирикалык поэзияларынын азы гана сакталып калган. Негизинен булар касыдалар (ода) жана газелдер (лирикалык ырлар). Низаминин сакталып калган лирикалык “Диваны” 6 касыдадан, 116 газельден, 2 китадан жана 30 рубаиден турат.
Беш кенч
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Низаминин негизги чыгармалары бул беш поэмасы жалпылап атаганда “Панж ганж”- фарсы тилинен “Беш кенч” дегенди билдирген “Бешилтик” (Хамса).
Хосров жана Ширин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Хосов жана Ширин” 1175/1176-жылдардан 1191-жылга чейин 16 жылдын ичинде жазылган жана сельжуктардын султаны Торгул III кө (1175-1194жж.), атабек Мухуммад ибн Элдигиз Жахан Пахлаванга (1175-1186жж.) жана анын иниси Кызыл Арсланга (1186-1191жж.) арналган.
Лейли жана Мажнун
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Лейли жана Мажнун” поэмасы 1188-жылы жазылып ал-Малик ал-Муаззам Жалил ад-Даула ва-д-Дин Абу-л-Музаффар Ахситан ибн Минучехр Ширваншахка (1160-1196-жж.) арналган.
Хафт пейкар (Жети чүрөк)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Хафт пейкар” (кыргызча котормосу “Жети чүрөк”) 1197-жылы жазылган жана Мараги Алладин Курп-Арсланга арналган.
Искендер наме
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Искендер наме” поэмасы 1194-1202 жылдар аралыгында жазылып Пишкинид династиясынан (1155-1231-жж.) чыккан Шеддадид Арран вассалы болгон грузин улутундагы малек Ахара Носрат-ал-Дин Бискин бин Мохаммадка арналган.
Чет тилдердеги котормолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]XIX кылымдан баштап Низаминин чыгармалары Батыш Европа тилдерине жан башка көптөгөн тилдерге которулуп баштаган. 1920-1930 жылдары орус изилдөөчүлөрү жана котормочулары “Жети Чүрөк” “Лейли жана Мажнун”, “Хосров жана Ширин” поэмаларынан үзүндүлөрдү которуп башташкан. Анын “Жети чүрөк” поэмасы Э. Эрматов тарабынан жана К. Басылбеков акындын башка поэмаларынан үзүндүлөрдү кыргыз тилине да которушкан.
Өлүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Анын өлүмү тууралуу так маалымат жак. Орто кылымдардагы биографтар Низаминин өлгөн жылы тууралуу (575-613 жж./1180-1217 жж.) 37 жылдын аралыгын белгилешет. Болгону НизамиХIII кылымда көз жумганы белгилүү. Гянжидеги арабчажазууларга ылайык Низаминин өлгөн жылы хежри жылнамасы менен 605-жыл (1208-1209 жылдар) деп Бертельс белгилеген. “Искендер Намедеги” текстердин негизине таянсак, Низаминин жакындарынын бири же анын уулу болушу да мүмкүн, акындын өлүмү жөнүндө “Искендер наменин” экинчи китебине, Платон, Сократ, Аристотель сыяктуу байыркы философтордун өлүмү жазылган бөлүмүнө жазган. Бул жазганында акындын жашы мусулман жылнамасы менен хежринин 598-жылы (1201/1202-жылдар) деп берилген. ЮНЕСКО Низаминин төрөлгөн жылын 1141-жыл деп билип, акындын 850 жылдык урматына 1991-жылды “Низами жылы” деп белгилеген. 1991-жылы Низаминин урматына көптөгөн эл аралык конгресстер Вошингтондо, Лос-Анжелесте, Лондондо жана Табризде өткөрүлгөн.
Низаминин ырлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Карымайын, ажалымыз келмейин
- Көр оокат деп, тырмалаңдап тынбайбыз.
- Жетиш үчүн көздөп койгон максатка
- Кандай гана аракетти кылбайбыз
- ***
- Тырнактай болсо дагы жакшы нерсе
- Жамандын чоңунан эн, чындап келсе
- ***
- Туугансыз, доссуз жалгыз жашаш кыйын,
- Эл менен адамсын сен, көрүп сыйын.
- ***
- Таптаза алтын экен сөздүн жаны,
- Эскирбейт, унутулбайт, күчтүү дагы.
- Биринчи, таразага тартып аны
- Андан сон, ишибизге жараталы
- ***
- Күзгүдөн таалим алып, суктан, тандан,
- Коро албайт жок нерсени көзүң андан.
- ***
- Кош айтышып, таштаганга жалганды,
- Эч бир дары көрсөтө албайт жардамды.
- ***
- Сүйбөгөн да, жана дагы сүйүп-жанып конгондор,
- Эбак муздап, быкшып, жанбай, кор тагдырды көргөндөр,
- Жер үстүндү жүрүшсө да, бар болсо да ал-күчү,
- Алар деген эсепте жок, алар анык өлгөндөр.
- ***
- Сактыкта кордук жок дейт элдин сөзү,
- Келтирбейт сага зыян анын өзү.
- ***
- Адамсынбы, - адам болсун жакының,
- Тарт өзүңө адамдыгын акылын.
- ***
- Тынччылыктын жолу менен максатка
- Эки жак тең жетер болсо эгерде.
- Айткылачы, деги эмне кылабыз
- Кан майданда кан төгүшүп бекерге?
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Стилистика, 2-басылыш, Тегеран 1337, Бахар Мухаммад Таги,
- Перс поэзиясынын тарыхы, Тегеран 1337, Бахар Мухаммад Таги,
- Стилистика, 9-басылыш, Тегеран 1382, Шамиса Сирус,
- Сөз кенчи, 2-том, (Низамиден Жамиге чейин) Забубуллах Сафа,
- Иран адабиятынын тарыхы, Забибуллах Сафа, 2-том,
- Деххода сөздүгү
- Низаминин диван, газал, касыдалары, Саид Нафиси, Тегеран
- Иран адабиятынын тарыхы,
- Захра Кия, Жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган перс адабиятынын дастандары, Тегеран,
- Низаминин касыда, диван жана казалдары, Илиас бен Юсуф 1380 7-басылыш, Тегеран,
- “Leyli & Majnun - First Opera”. Azerbaijan International, 2001. Archived from the original on 6 May 2012. Retrieved 11 May 2012.
- Guinhut, Jean-Pierre. “The Man Who Loved Too Much - The Legend of Leyli and Majnun”. Azerbaijan International, 1998. Archived from the original on 11 May 2012. Retrieved 11 May 2012.
- Patterson, Jean. “Crazy About "Layla": Eric Clapton Song Inspired by Nizami, 12th century Azerbaijani Poet”. Azerbaijan International, 1998. Archived from the original on 11 May 2012. Retrieved 14 June 2011.
Англис тилиндеги булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Encyclopædia Iranica, "Khamsa", Domenico Parrello
- E.G. Browne. Literary History of Persia. (Four volumes, 2,256 pages, and twenty-five years in the writing). 1998. ISBN 0-7007-0406-X
- Biography of Nizami Dr. Julie S. Meisami of Oxford University
- Jan Rypka, History of Iranian Literature. Reidel Publishing Company. 1968 OCLC 460598. ISBN 90-277-0143-1
- C. A. (Charles Ambrose) Storey and Franço de Blois (2004), "Persian Literature – A Biobibliographical Survey: Volume V Poetry of the Pre-Mongol Period.", RoutledgeCurzon; 2nd revised edition (21 ژوئن 2004). ISBN 0-947593-47-0.
- K. Talattof & J.W. Clinton, The Poetry of Nizami Ganjavi: Knowledge, Love, and Rhetoric. – New York, 2001
- Christine van Ruymbeke. Science and Poetry in Medieval Persia: The Botany of Nizami's Khamsa . University of Cambridge Press , 2008.
- Christine van Ruymbeke. "From culinary recipe to pharmacological secret for a successful wedding night: the scientific background of two images related to fruit in the Xamse of Nezâmi Ganjavi", Festschrift in honour of Professor J.T.P. de Bruijn, Persica, Annual of the Dutch-Iranian Society, (Leiden), 2002, pp. 127–136
- "Nizami's Unlikely Heroines: A Study of the Characterizations of Women in Classical Persian Literature" by Kamran Talattof.
- Johan Christoph Burgel & Christine van Ruyuymbeke, "Nizami: A Key to the Treasure of the Hakim ", Amsterdam University Press, 2011
- <ref>AMAAJ Peter J. Chelkowski, "Mirror of the Invisible World", New York: Metropolitan Museum of Art, 1975
- Jan Rypka, History of Iranian Literature. Reidel Publishing Company. 1968 OCLC 460598. ISBN 90-277-0143-1
- Peter J. Chelkowski, "Mirror of the Invisible World". — New York: Metropolitan Museum of Art, 1975
- «Colloquio sul poeta persiano Nizami e la leggenda iranica di Alessandro magno" (ROMA, 25-26 MARZO 1975) / G. Bardi. — Roma: deH’Accademia Nazionale dei Lincei, 1977
- «The Poetry of Nizami Ganjavi: Knowledge, Love, and Rhetortics" , Edited by Kamran Talattof and Jerome W. Clinton, Palgrave Macmillan, New York, 2001, ISBN:978-0-312-22810-1, ISBN 0-312-22810-4
- Christine van Ruymbeke, "From culinary recipe to pharmacological secret for a successful wedding night: the scientific background of two images related to fruit in the Xamse of Nezâmi Ganjavi" , Festschrift in honour of Professor J.T.P. de Bruijn, Persica, Annual of the Dutch-Iranian Society, (Leiden), 2002,
- Subtelny, Maria, Visionary Rose: Metaphorical Application of Horticultural Practice in Persian Culture, "Botanical progress, horticultural information and cultural changes" / Michel Conan and W. John Kress. — USA: Dumbarton Oaks, 2007. — Т. 2004, ISBN 0-88402-327-3, ISBN 978-0-88402-327-2
- A.A. Seyed-Gohrab, "Layli and Majnun: Love, Madness and Mystic Longing in Nezāmi’s Epic Romance" , Leiden / Boston: E.J. Brill, 2003, ISBN 90-04-12942-1
- Christine van Ruymbeke, "Science and Poetry in Medieval Persia: The Botany of Nizami’s Khamsa" , University of Cambridge Press, 2008, ISBN: 978-0-521-87364-2,ISBN 0-521-87364-9
Орус тилиндеги булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Низами Гянджеви: Собрание сочинений: В۵ т. : Пер. с фарси / Низами Гянджеви; Редкол. : Р. Алиев и др. ; Сост. , науч. подгот. текстов, коммент. и слов. Р. Алиева; Вступ. ст. М. Ибрагимова. — М. : «Художественная литература» ,1985
- Бертельс Е. Э. Великий азербайджанский поэт Низами. — Баку: издательство АзФАН,1940
- Бертельс Е. Э. Низами и Физули. — М. ,1962
- Крымский А. Е. Низами и его современники. — Баку: «Элм» , 1981.
- Крымский А. Е. История Персии, её литературы и дервишеской философии. — М. ,1909
- См. также изречения Низами в книге ИСТИНЫ: Изречения персидского и таджикского народов, их поэтов и мудрецов. / Перевод Наума Гребнева. Примечания Н. Османова. — М. : «Наука» , главная редакция восточной литературы,1948
• Вульфсон Э. Персы в их прошлом и настоящем. — М. ,1909 • История персидской и таджикской литературы. / Под ред. Яна Рипка. — М. ,1970
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.iranicaonline.org/articles/kamsa-of-nezami
- Chelkoswki, “Niẓāmī Gandjawī,” in EI 2 VIII, 1995, pp. 76-81.
- Paola Orsatti, “Ḵosrow o Širin and its Imitations,” at Encyclopaedia Iranica Online, 2006, available at www.iranicaonline.org.
- Winter 1992 (special issue on Neẓāmi, primarily devoted to Haft Pey-kar); Fritz Meier, “Turandot in Persien,” ZDMG 95, 1941, pp. 1–27.
- Amīr Khosrow. (2011). In Encyclopædia Britannica. Retrieved fromhttp://www.britannica.com/EBchecked/topic/20788/Amir-Khosrow "a group of five long idylls in emulation of the Khamseh of the celebrated Persian poet Neẓāmī (c. 1141–1209)."
- Taceddin Ahmedi. (2011). In Encyclopædia Britannica. Retrieved fromhttp://www.britannica.com/EBchecked/topic/10240/Taceddin-Ahmedi "Modeled after the work of the great Persian poet Neẓāmī (d. 1209)"
- Sinan Şeyhi. (2011). In Encyclopædia Britannica. Retrieved fromhttp://www.britannica.com/EBchecked/topic/537283/Sinan-Seyhi "Hüsrev ü Şirin (“Khosrow and Shirin”). Inspired by the work of the same name by the great Persian poet Neẓāmī (d. 1209)"
- Gäncä. (2011). In Encyclopædia Britannica. Retrieved fromhttp://www.britannica.com/EBchecked/topic/225148/Ganca "Notable buildings include Dzhuma-Mechet Mosque (built 1620) and the modern mausoleum of the 12th-century Persian poet Neẓāmī Ganjavī."
- BACHER, WILHELM. (2011). In Encyclopædia Iranica. Retrieved fromhttp://www.iranicaonline.org/articles/bacher-wilhelm-binyamin-zeev-1850-1913-was-born-in-liptszentmikls-hungary-today-in-czechoslovakia "he earned his doctorate writing a dissertation on the life and poetry of the Persian poet Nezāmī"
- ROBINSON, Samuel. (2009). In Encyclopædia Iranica. Retrieved fromhttp://www.iranicaonline.org/articles/robinson-samuel " Several volumes of poetry selected from the most famous of Persian classical poets were published privately. These volumes were signed only with his initials (‘S.R’) at the end of each preface. In 1873, he published two volumes on Nezāmi and Jāmi.[...]Memoir of the Life and Writings of the Persian Poet Nizami, and analysis of the second part of his Alexander Book, London and Manchester, 1873"
- http://www.iranicaonline.org/articles/leyli-o-majnun-narrative-poem
- V. Minorsky, Studies in Caucasian History, Cambridge University Press, 1957. pg 34: "The author of the collection of documents relating to Arran Mas’ud b. Namdar (c. 1100) claims Kurdish nationality. The mother of the poet Nizami of Ganja was Kurdish (see autobiographical digression in the introduction of Layli wa Majnun). In the 16th century there was a group of 24 septs of Kurds in Qarabagh, see Sharaf-nama, I, 323. Even now the Kurds of the USSR are chiefly grouped south of Ganja. Many place-names composed with Kurd are found on both banks of the Kur"
- «The Poetry of Nizami Ganjavi: Knowledge, Love, and Rhetortics" , New York, 2001. pg 2: «His father, Yusuf and mother, Rai'sa, died while he was still relatively young, but maternal uncle, Umar, assumed responsibility for him"
- Peter J. Chelkowski, "Mirror of the Invisible World" , New York: Metropolitan Museum of Art, 1975. pp 6: «Nizami's strong character, his social sensibility, and his poetic genius fused with his rich Persian cultural heritage to create a new standard of literary achievement. Using themes from the oral tradition and written historical records, his poems unite pre-Islamic and Islamic Iran" ,
- Dick Davis VIS O RĀMIN Iranica (July 20, 2005). [۲] The poem had an immense influence on Neẓāmi, who takes the bases for most of his plots from Ferdowsi but the basis for his rhetoric from Gorgāni. This is especially noticeable in his Ḵosrow o Širin, which imitates a major scene (that of the lovers arguing in the snow) from Vis o Rāmin, as well as being in the same meter (hazaj) as Gorgāni’s poem. Nezami’s concern with astrology also has a precedent in an elaborate astrological description of the night sky in Vis o Rāmin. Given Nezami’s own paramount influence on the romance tradition, Gorgāni can be said to have initiated much of the distinctive rhetoric and poetic atmosphere of this tradition, with the exception of its Sufi preoccupations, which are quite absent from his poem.
- http://www.bbc.com/persian/arts/2011/08/110818_l41_book_classical_censorship_comment.shtml
- http://www.asriran.com/fa/news/177488/آیا-مولوی-سعدی-حافظ-خیام-و-نظامی-هم-نیاز-به-ممیزی-دارند
- http://aftabnews.ir/vdcgqx9qnak9wu4.rpra.html Archived 2016-02-29 at the Wayback Machine
- http://www.tebyan.net/newindex.aspx?pid=125386
- http://www.bookcity.org/news-795.aspx Archived 2016-02-05 at the Wayback Machine
- The Encyclopaedia of Islam, 1104.
- The Russian philologist Ivan Mikhailovich Steblin-Kamensky, Professor and the Dean of the Oriental Department of Saint Petersburg University comments (―Oriental Department is ready to cooperate with the West‖, Saint Petersburg University newspaper, № 24—25 (3648—49), 1 November 2003‖). http://www.spbumag.nw.ru/2003/24/1.shtml Archived 2007-02-25 at the Wayback Machine): Мы готовили таких специалистов, но, как показывает наше с ними общение, там очень много националистических тенденций, научных фальсификаций. Видимо, это связано с первыми годами самостоятельности. В их трудах присутствует националистическое начало, нет объективного взгляда, научного понимания проблем, хода исторического развития. Подчас – откровенная фальсификация. Например, Низами, памятник которому воздвигнут на Каменноостровском проспекте, объявляется великим азербайджанским поэтом. Хотя он по-азербайджански даже не говорил. А обосновывают это тем, что он жил ترجمه انگلیسی: на территории нынешнего Азербайджана – но ведь Низами писал свои стихи и поэмы на персидском языке! Translation: " We trained such specialists, but, as shown by our communication with them, there are a lot of nationalistic tendencies there and academic fraud. Apparently it's related to the first years of independence. Their works include nationalist beginnings. Objective perspective, scientific understanding of the problems and timeline of historical developments are lacking. Sometimes there is an outright falsification. For example, Nizami, the monument of whom was erected at Kamennoostrovsk boulevard, is proclaimed Great Azerbaijani poet. Although he did not even speak Azeri. They justify this by saying that he lived in the territory of current Azerbaijan, but Nizami wrote his poems in Persian language! ترجمه فارسی: آثار نظامی به فارسی است و حتی زبان آذری را نمیدانستهاست. (پروفسور ایوان استبلین-کامنسکی- رئیس بخش شرقشناسی دانشگاه سن پترزبورگ - سال ۲۰۰۳)
- Encyclopædia Iranica, NEẒĀMI QUNAVI, Osman G. Özgüdenlı
- For example, Nizami, the monument of whom was erected at Kamennoostrovsk boulevard, is proclaimed Great Azerbaijani poet. Although he did not even speak Azeri. They justify this by saying that he lived in the territory of current Azerbaijan, but Nizami wrote his poems in Persian language The Russian philologist Ivan Mikhailovich Steblin-Kamensky, Professor and the Dean of the Oriental Department of Saint Petersburg University comments (―Oriental Department is ready to cooperate with the West‖, Saint Petersburg University newspaper, № 24—25 (3648—49), 1 November 2003‖). http://www.spbumag.nw.ru/2003/24/1.shtml Archived 2007-02-25 at the Wayback Machine): Мы готовили таких специалистов, но, как показывает наше с ними общение, там очень много националистических тенденций, научных фальсификаций. Видимо, это связано с первыми годами самостоятельности. В их трудах присутствует националистическое начало, нет объективного взгляда, научного понимания проблем, хода исторического развития. Подчас – откровенная фальсификация. Например, Низами, памятник которому воздвигнут на Каменноостровском проспекте, объявляется великим азербайджанским поэтом. Хотя он по-азербайджански даже не говорил. А обосновывают это тем, что он жил ترجمه انگلیسی: на территории нынешнего Азербайджана – но ведь Низами писал свои стихи и поэмы на персидском языке! Translation: " We trained such specialists, but, as shown by our communication with them, there are a lot of nationalistic tendencies there and academic fraud. Apparently it's related to the first years of independence. Their works include nationalist beginnings. Objective perspective, scientific understanding of the problems and timeline of historical developments are lacking. Sometimes there is an outright falsification. For example, Nizami, the monument of whom was erected at Kamennoostrovsk boulevard, is proclaimed Great Azerbaijani poet. Although he did not even speak Azeri. They justify this by saying that he lived in the territory of current Azerbaijan, but Nizami wrote his poems in Persian language! ترجمه فارسی: آثار نظامی به فارسی است و حتی زبان آذری را نمیدانستهاست. (پروفسور ایوان استبلین-کامنسکی- رئیس بخش شرقشناسی دانشگاه سینت پترزبورگ - سال ۲۰۰۳)
- World Organisation Against Torture, Confirmation in appeal of the sentencing against Mr. Novruzali Mammadov to ten years in prison, 7 January 2009, AZE 001 / 0808 / OBS 139.2, available at:http://www.unhcr.org/refworld/docid/496efd900.html [accessed 26 January 2011]
- Ans Press News Portal, “Editors of “Tolishi Sedo” newspaper took stand of betrayl of country”, 19 فروردین 2007,https://web.archive.org/web/20080512201826/http://anspress.com/nid51166.html[accessed 26 January 2011].
- http://www.hrights.ru/sng/sng-bul12.htm Archived 2009-04-29 at the Wayback Machine
- AI - Amnesty International: Amnesty International Report 2010 - The State of the World's Human Rights, 28 May 2010 (available at ecoi.net).http://www.ecoi.net/local_link/143047/243697_en.html [accessed May 2011]
- C. Edmund Bosworth , Ganja in Encyclopaedia Iranica
- History of the Armenians / Translation from Classical Armenian by Robert Bedrosian. - New York: 1986. http://rbedrosian.com/kg8.htm
- C. A. (Charles Ambrose) Storey and Franço de Blois (۲۰۰۴), “Persian Literature - A Biobibliographical Survey: Volume V Poetry of the Pre-Mongol Period. ”, RoutledgeCurzon; 2nd revised edition (June 21, 2004). Pg ۳۶۳: “Nizami Ganja’i, whose personal name was Ilyas, is the most celebrated native poet of the Persians after Firdausi. His nisbah designates him as a native of Ganja (Elizavetpol, Kirovabad) in Azerbaijan, then still a country with an Iranian population, and he spent the whole of his life in Transcaucasia;
- Amin Riyahi, Nozhat al-Majales, in Encycloapedia Iranica [۹] The most significant merit of Nozhat al-majāles, as regards the history of Persian literature, is that it embraces the works of some 115 poets from the northwestern Iran (Arrān, Šarvān, Azerbaijan; including 24 poets from Ganja alone), where, due to the change of language, the heritage of Persian literature in that region has almost entirely vanished. Nozhat al-mājales is thus a mirror of the social conditions at the time, reflecting the full spread of Persian language and the culture of Iran throughout that region, clearly evidenced by the common use of spoken idioms in poems as well as the professions of the some of the poets (see below). The influence of the northwestern Pahlavi language, for example, which had been the spoken dialect of the region, is clearly observed in the poems contained in this anthology. In contrast to poets from other parts of Persia, who mostly belonged to higher echelons of society such as scholars, bureaucrats, and secretaries, a good number of poets in the northwestern areas rose from among the common people with working class backgrounds, and they frequently used colloquial expressions in their poetry. They are referred to as water carrier (saqqāʾ), sparrow dealer (ʿoṣfori), saddler (sarrāj), bodyguard (jāndār), oculist (kaḥḥāl), blanket maker (leḥāfi), etc. , which illustrates the overall use of Persian in that region. Chapter eleven of the anthology contains interesting details about the everyday life of the common people, their clothing, the cosmetics used by women, the games people played and their usual recreational practices such as pigeon fancying (kabutar-bāzi; p. 444), even-or-odd game (ṭaq yā joft bāzi; p. 446), exercising with a sledgehammer (potk zadan; p. 443), and archery (tir-andāzi; p. 444). There are also descriptions of the various kinds of musical instruments such as daf (tambourine; see DAF[F] and DĀYERA), ney (reed pipe), and čang (harp), besides details of how these instruments were held by the performers (pp. 150–63). One even finds in this anthology details of people's everyday living practices such as using a pumice (sang-e pā) to scrub the sole of their feet and gel-e saršur to wash their hair (pp. 440–41).