Никотин-Сульфат

Википедия дан

Никотин-Сульфат - күкүрт кычкыл никотин тузунун суудагы эритиндиси, (CioHi4N2) 2H2SO4.

Саргыч, кочкул же кара кочкул тамеки жыт­туу май сымал суюктук. Сууда жана орг. эриткичтерде жакшы эрийт.Никотин-Сульфат — контакттуу таасир берүүчү ин­сектицид.

Соруучу (бит, бүргө, курт ж. б.) жана айрым кемирүүчү (капус­та күбөсү, алма күбөсү, таарыгыч курттар ж. б.) курт-кумурскаларга каршы 0,15—0,3%түү суудагы эритиндиси самый аралаштырылып өсүмдүккө чачылат. Эгинге дары чачуу түшүм жыйноого 20 күн калганда токтотулат. Адам м-н жаныбарларга абдан уулуу, ошондуктан аны колдонууда пестициддер менен иштөөдөгү коопсуздук техникасын сактоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.