Никотин кычкылы

Википедия дан

Никотин кислотасы (РР витамини, В3 витамини) клеткалык дем алуу реакциясына, белок алмашууга катышат жана организмде өсүмдүк белогунун сиңишин жакшыртат, карындын секрет бөлүү жана жыйрылуу функциясын жөнгө салат, уйку безинин маңызынын бөлүнүшүн жана составын жакшыртат, боор ишин оңойт. Кишинин суткалык керектөөсү чоңдордо 14—25 мг, балдарда 5—20 мг.

Киши организминде никотин кычкылынын жетишсиздиги "пеллагра" оорусуна алып келет (к. Витамин жетишсиздиги). Медицинада никотин кислотасы пеллаграны алдын алуу жана дарылоодо гана пайдаланылбастан, башка ооруларды дарылоодо мааниси чоң. Бул витаминди врачтын кеңеши менен гана кабыл алуу керек. Ашкере колдонгондо, бир нече минутадан кийин бет кызарып, ал бүт денеге тарайт, дене ысышы мүмкүн.

Бул витамин боор, бөйрөк, ачыткы, эт, сүт, ошондой эле буурчак, маш буурчак, буудай унунда жетиштүү өлчөмдө болот. РР витамини же Вз витамини кара күрүч акшагында, козу карындарда өтө көп. Сактоого жана бышырууга, жарыкка, кычкылтекке, абага, жегичке туруктуу. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4