Ниндэ АЭСи
| Ниндэ АЭСи | |
| Өлкө | |
|---|---|
| Жайгашкан жери |
Фудин, Ниндэ, Фуцзянь |
| Менчик ээси |
Ningde Nuclear Power Co Ltd (NDNP) |
| Макамы |
Колдонууда |
| Курулуп башталган жылы | |
| Агрегаттарды ишке берүү жылдары | |
| Негизги мүнөздөмөсү | |
| Жылдык электр энергиясын өндүрүү |
4320 МВт млн кВт/саат |
| Жабдуулардын мүнөздөмөсү | |
| Энергоблоктору |
5 |
| Курулуп жаткан энергоблоктору |
1 |
| Реакторлордун түрү |
CPR-1000, HPR-1000 PWRs |
| Эксплуатациялоодогу реакторлор |
4 |
| Негизги курулуштары | |
| Бөлүштүрмө түзмөгү |
- |
| Кошумча маалыматтар | |
Ниндэ АЭСи (кыт. 宁德核电站) — Кытайдын түштүк-чыгышындагы колдонуудагы атомдук электр станциясы[1].
Бул атомдук электр станция Чыгыш Кытай деңизинин жээгинде, Фуцзянь провинциясынын Ниндэ шаар округунун курамына кирген Фудин уездинде жайгашкан[1].
Ниндэ атомдук электр станциясынын курулушу 2008-жылы башталган. 2012, 2014, 2015 жана 2016 жылдары төрт реактору курулуп бүтүп колдонууга берилген. Басым алдындагы сууну колдонгон Areva француз компаниясынын реакторунун Кытайда жасалган аналогу болгон CPR-1000 реакторлору орнотулган. Ар бир реактордун кубаттуулугу 1080 МВт жана Ниндэ АЭСинин учурдагы жалпы кубаттуулугу 4320 МВт түзөт. Дагы эки энергетикалык блокту куруу пландаштырылууда[2].
Кытайдын заманбап атомдук энергетикасынын эң маанилүү шарттарынын бири болуп, курулуш иштеринде ата-мекендик технологияларды, жабдууларды кеңири жайылтуу жана колдонуу эсептелет. Ниндэ АЭСи курууда француз адистеринин катышуусуна карабастан, жабдуулардын 80% Кытайда иштелип чыккан жана жасалган жабдуулардан турат[3].
Ниндэ АЭСи иштеп чыккан энергия Фуцзянь провинциясын жана коңшу Чжэцзян провинциясын электр энергиясы менен камсыз кылат.
Энергоблоктору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Энергоблок | Реактор | Кубаттуулугу | Курулушунун башталышы | Ачылышы | Электр тармагына туташуусу | Колдонууга берилиши | Жабылышы | |
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Таза | Брутто | |||||||
| Ниндэ-1[4] | PWR, CPR-1000 | 1018 МВт | 1080 МВт | 18.02.2008 | 24.11.2012 | 28.12.2012 | 15.04.2013 | — |
| Ниндэ-2[5] | PWR, CPR-1000 | 1018 МВт | 1080 МВт | 12.11.2008 | 20.12.2013 | 04.01.2014 | 04.05.2014 | — |
| Ниндэ-3[6] | PWR, CPR-1000 | 1018 МВт | 1080 МВт | 08.01.2010 | 08.03.2015 | 21.03.2015 | 10.01.2015 | — |
| Ниндэ-4[7] | PWR, CPR-1000 | 1018 МВт | 1080 МВт | 29.09.2010 | 16.03.2016 | 29.03.2016 | 21.07.2016 | — |
| Ниндэ-5 | PWR, Хуалун-1 | 1116 МВт | 1200 МВт | 28.07.2024 | ||||
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 福建宁德核电项目正式动工
- ↑ Construction starts on two new Chinese units
- ↑ АЭС Ниндэ – французские технологии в Китае
- ↑ International Atomic Energy Agency (IAEA). NINGDE-1
- ↑ International Atomic Energy Agency (IAEA). NINGDE-2
- ↑ International Atomic Energy Agency (IAEA). NINGDE-3
- ↑ International Atomic Energy Agency (IAEA). NINGDE-4