Новгород көтөрүлүшү

Википедия дан

Новгород көтөрүлүшү (1650) - 17-кылымдын ортосундагы шаар көтөрүлүштөрүнүн бири.

Анын чыгышына эгиндин кымбагтоосу себеп болгон. Марттын ортосунда башталган Новгород көтөрүлүшүнүн негизги күчү шаардык кедей­лер болуп, аларды стрелецтер колдо- гон. Көтөрүлүшчүлер «мыктылардын» короо-жайын талкалап, воевода Ф. И. Хилковду бийликтен четтеткен, зем­ство башчыларын шайлап, шаарды башкарууга митрополит приказчиги И. Жегловду койгон. Падыша Алек­сей Михайлович Новгородго жиберген дворян Соловцов камакка алынган.

Көтөрүлүшчүлөрдүн Псков менен байтаныш жасоо аракети ишке ашкан эмес. Князь И. Н. Хованскжйдпн аскери бир нече күн Новгородцу курчал, 13- апрелде шаарга каршылыксыз кирген. Көтөрүлүшчүлөрдүн бешөө өлүм жазасына тартылып, жүздөн ашык адам түндүккө жана Астраханга айдалган


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.