Норус-Көл көмүр кени

Википедия дан

Норус-Көл көмүр кени - Ош облусунун Чоң Алай районунда. Кабык суусунун өрөөнүндө, Дароот жана Кызылүңкүр сууларынын аралыгында. Кен 1954-жылдан белгилүү. 1969-71-жылдары Издөө иштери, 1992–93-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмарынын согул свитасы менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда үч катмар аныкталган. Катмарлардын калыңдыгы 0,3–3,0 м. Көмүрдүн күлдүүлүгү 9,90%тен 39,9%ке чейин өзгөрүп, орточосу – 18%. Күйүү жылуулугу 3032 ккал/кгдан 6700 ккал/кг (12,69–28,05 МДж/кг) чейин өзгөрүп, орточосу 4200–5100 ккал/кг (17,58–21,35 МДж/кг) түзөт. Көмүрдүн Сарыжылга участогу боюнча эсептелген, запасы – 134 миң т. Кабык участогунуку – 116 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]