Нуклеосома

Википедия дан
Нуклеосома.

Нуклеосома (лат. nucleus - ядро, söma - дене) - хроматиндин бирдиги. Электрондук микроскопто хроматин мончокко окшош болуп көрүнөт. Ар бир мончоктун диаметри 10 нм (10-9 м). Н-нын түзүлүшүн Клуг жана анын кызматкерлери аныкташкан. Н. эукариоттордун жана прокариоттордун клеткаларында белгиленген. Н. ДНКдан жана өзгөчө белоктор - гистондордон турат. Гистондор - негизги белоктор (histone - негизги), молекулалык массасы 11 миңден 21 миң дальтонго чейин (1 дальтон = 1.661•10-24 г), Н1, Н2А, Н2В, Н3, Н4 түрлөрү белгиленген. Н-нын өзөгү 8 гистондон Н2А, Н2В, Н3, Н4 (ар бири 2 молекуладан) турат. Н-да эки тизмектүү 200 жупталган негиздерден турган ДНК гистон өзөгүнө оролот. Гистондордун оң заряды ДНКнын терс заряддалган молекуласын туруктуу абалга алып барат. Гистон Н1 нуклеосомаларды бириктирип турган линкерлик (link - байланыштыргыч) ДНКада жайгашкан. Н1 хроматиндин активдүүлүгүнүн иретке салынышында өзгөчө роль ойнойт деген божомолдоолор бар. ДНК уз. нуклеосомдук түзүлүштө 5-6 эсе кыскараак. Клеткалык гетерохроматиндин соленоид структурасы Н-лык суперспиралды пайда кылат. Ошондой суперспиралдын бир орорму 6 Н-дан тургандыктан ДНКнын уз. 40 эсе кыскарат.

ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]