Хроматин

Википедия дан
ДНК => хромосомалар.

Хроматин (гр. chroma, chromatos - өң, боек) - эукариоттордун клеткаларынын хромосомаларын түзүүчү нуклеопротеиддик жипчелер. Бул термин 1980-ж. В. Флемминг тарабынан киргизилген. Цитол-да, Х. - клеткалык циклдин интерфазасында хромосомалардын майдалануусун, ажырашын түшүндүрөт. Х-дин негизги структуралык компоненттери: ДНК (30-45 %), гистондор (30-50 %) жана гистондук эмес белоктор (4-33 %). Электрондук микросүрөттөрдө, Х. диаметри 10 нм жакын, нуклеосомдук бөлүктөрдөн "тизилген" шуруну элестетет. Х-дин организациясынын жогорку түзүлүшү (хромосомалар) гистондук эмес белоктордон "ок скелетине" бекитилүүчү илгичтердин пайда болушунун эсебинен, күчтүү спиралданышкан нуклеосомдордон - Х-дин эң жөнөкөй жипчелеринин ирээттүү бир тутамынан пайда болот. Бул процесске гистондор, металлдардын иондору жана башка катышат. Активдүү жана активсиз Х-дер баарынан мурда жана курамынын айырмачылыктары жана Х-дин структуралык алмашуулары (эң башкысы упаковканын тыгыздыгы) боюнча айырмаланышат. Х-дин бул типтери нуклеосомдук организациясы боюнча да айырмаланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]