Нураков Исак

Википедия дан

Нураков Исак (1906, азыркы Тогуз-Торо району, Дедемел кыштагында туулган. -1982, Тогуз-Торо району, Казарман кыштагы) -малчы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Армиядан келгенден кийин Тогуз-Торо районундагы Ленин атындагы колхоздо жылкычы болуп иштеген. 1948-ж. 100 бээден 100 кулун алып, аман асыраган. 1951-55-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.